• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Кыргызстандык ашпозчулар Өзбекстанда өткөн кулинардык таймашта жакшы жыйынтык көрсөтүштү

Коом 0


Бишкек, 13.11.19. /Кабар/. Кыргызстандык ашпозчулар Өзбекстанда өткөн кулинардык таймашта жакшы жыйынтык көрсөтүшүп, 17 медаль утушкан. Бул тууралуу "Кабар" маалымат агенттигинде өткөн жыйында КР ашпозчулар ассоциациясынын президенти Берик Эгимбаев билдирди.

Таймаш 6-8-ноябрь күндөрү 30 өлкөдөн келген өкүлдүн катышуусунда Ташкентте өткөн. Кыргызстандын атынан кулинардык таймашка 20 адам барган.

«Биздин ассоциация 2012-жылы түзүлгөн. Максатыбыз – Кыргызстанда ашпозчулук иш менен алектенүү, эл аралык аянтчаларда өлкөнүн намысын коргоо. Өлкөнүн бардык лицейлери менен кызматташабыз. Жыйынтыктар бар. Биринчи ирет барып, 17 медаль алып келдик», - деди ал.

Түрк элдеринин ашпозчулардын бирикмесинин өкүлү Шухрат Шарипов аталган турнирде калыстар тобунда болуп, иш-чара жогорку деңгээлде өткөндүгүн айтты.

Кулинардык таймашта баш байгени жеңген Ахмад Рахимовдун айтымында, "кызыл эт" номинациясында катышып, биринчи орунга илинген. Жарышка бардык азыктарды Кыргызстандан алып барганын кошумчалап кетти.

"Аталган номинацияга 80ден ашык ашпозчу катышты. Менин устаттарым мыкты болгондуктан 100 пайызга аракет кылдым. Мындан улам алтын медаль уттук", - дейт Рахимов.

Ал эми, үчүнчү орунду алган Искандар Ломанов "балык", "десерт" жана "кара кутуча" категориясында катышып, коло медалды илип кеткен. Ошондой эле Нурия Сурмалиева мелдеште экинчи орунга татыды.

Тилек Суранов №10 лицейде 2-курста окуйт. Ал бала чагынан бери ашпозчу болууну эңсеп келген. Бүгүнкү күнү чайканалардын биринде практика өтүүдө.

"Ашканада иштөө өзүнчө эле ырахат. Мен өз кыялыма жеттим. Жарышта алдыңкы орундарга илинем деп ойлогон эмесмин. Коло медалдын ээси дегенде сүйүнүчүм койнума батпай жыргадым", - деп белгилеп өттү Суранов.

Таймаштын дагы бир катышуучусу Чыңгыз Узаков "паста" категориясында катышкан.

"Алгач "кызыл эт" категориясында катышып, байгелүү орунга илинбей калганда капа болдум. Кийинчирээк башка категориясында күчүмдү сынадым. Аябай толкундандым, бирок өзүмдү тынчсыздандырып ишимди аткардым. Мен өзүм камыр менен иштегенди жактырам. Жыйынтыгында күмүш медалдын ээси болдум", - деди Узаков.

Пикир

Оставить комментарий