• 88.68
  • 95
  • 0.95

Кыргызстанда ЖККУнун аракеттер планына ылайык "Нелегал" рейди өттү

Коом 0

Бишкек, 05.07.22. /Кабар/. Кыргызстанда жана Жамааттык коопсуздук келишим уюмуна мүчө өлкөлөрдө уюмдун аракеттер планына ылайык "Нелегал - 2022" рейди өттү. бул тууралуу КР Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, рейддик иш-чара "Мыйзамсыз миграцияга каршы күрөшүү боюнча жамааттык тутумду өнүктүрүү боюнча ЖККУга мүчө мамлекеттердин иш-чаралар планына" ылайык, ИИМ тарабынан 27-июндан 4-июлга чейин өткөрүлдү.

Операциянын жүрүшүндө республиканын ички иштер органдарынын бөлүмдөрү тарабынан төмөнкүдөй фактылардын бетин ачуу боюнча иш-чаралар аткарылды.

- мыйзамсыз миграцияны уюштуруу;

- Кыргыз Республикасында чет өлкөлүк жумушчу күчүн тартуу жана пайдалануу эрежелерин бузуу;

- чек арадагы эмгектенген мигранттардын Кыргыз Республикасында эмгек ишмердүүлүгүн жүргүзүү эрежелерин бузуусу;

- жарандарды ишке орноштуруу боюнча мыйзамсыз ишмердүүлүк;

- КР аймагына чет өлкөлүк жарандарды жана жарандыгы жок адамдарды чакырган же кабыл алган адамдар тарабынан алардын өлкө ичинде жүрүүсүнүн белгиленген тартибин бузуусу;

- Чет өлкөлүк жарандардын Кыргызстанда белгиленген жүрүү тартибин же эмгек ишин жүзөгө ашыруу же транзиттик эрежелерин бузуусу.

Пикир

Оставить комментарий