• 88.68
  • 95
  • 0.95

Бишкекте 28 транспорттук жана жөө жүргүнчүлөр үчүн үч жол чырак орнотулат

Коом 0

Бишкек, 05.07.22. /Кабар/. Бишкекте 28 транспорттук жана жөө жүргүнчүлөр үчүн үч жол чырак орнотулат. Бул тууралуу Бишкектин мэри Эмилбек Абдыкадыров 100 күндүк ишинин жыйынтыгы тууралуу маалымат жыйын берип жатып айтты.

Анын айтуусуна караганда, сегиз светофордук объект пайдаланууга берилди, 19 долбоордук-сметалык документтер даярдалды. Төрт светофордук объектте инженердик-техникалык шарттарды жана техникалык шарттарды даярдоо иштери жүрүүдө.

Санариптештирүүнүн жана шаардык коомдук транспортту жакшыртуу боюнча комплекстүү кадамдардын алкагында 2020-жылдын март айынан тартып "BPC AG" швейцариялык компаниясы тарабынан "Тулпар" электрондук билеттөө долбоору ишке ашырылууда.

Мэр Эмилбек Абдыкадыров шаардыктардын көптөгөн кайрылууларын эске алуу менен муниципалдык коомдук транспорттун накталай эмес эсептешүүгө өтүшүн кийинкиге жылдыруу жөнүндө чечим кабыл алган.

Борбор калаанын мэриясы диспетчердик кызматты автоматташтыруу тутумунун долбоорун киргизүү жана троллейбустарды видеокамералар менен жабдуу боюнча иш алып барууда. Долбоор жүргүнчүлөрдүн агымын изилдөө жана текшерүү, линиядагы троллейбустардын кыймылын жана иштешин контролдоо, диспетчердик кызматты автоматташтыруу, ошондой эле атайын техниканын отун чыгымдарын текшерүү үчүн ишке ашырылат.

Учурда диспетчердик курамды жаңы программага окутуу боюнча иш-чаралар өткөрүлүп жатат. Ошондой эле 22 троллейбуста 11 каттам боюнча видеокамералар орнотулган. 4 жана 10 троллейбус каттамындагы аялдамаларды үн менен айтуу боюнча спутник системасы аркылуу автоинформаторлор орнотулду.

Пикир

Оставить комментарий