• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

ЖРТнын III этабынын жыйынтыгы белгилүү болду

Билим 0

Бишкек, 05.07.22. /Кабар/. 24-25-июнда өткөн ЖРТнын III этабынын жыйынтыгы боюнча алтын сертификат алгандардын саны өзгөргөн жок. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, III этапка Бишкектен 795, Оштон 236 абитуриент катышты.

Белгилей кетсек, быйыл Жалпы республикалык тестирлөөдө 57 окуучу эң жогорку балл алып, алтын сертификатка ээ болуу мүмкүнчүлүгүн алышты.

Эң жогорку 235 баллды Бишкек шаарындагы №70 гимназия мектебинин бүтүрүүчүсү Эрлан Колбаев алды. Экинчи орунга 231 балл менен Бишкек шаарындагы №62 мектеп-гимназиянын бүтүрүүчүсү Артём Марченко чыкса, үчүнчүнү 228 балл менен Бишкек шаарындагы К. Скрябин атындагы №28 мектеп-лицейинин бүтүрүүчүсү Кубан Жапаров багындырды.

235тен 221 баллга чейин упай топтогондордун эң көбү Бишкек шаарынын бүтүрүүчүлөрү, алардын саны 35ти түзөт.

Ысык-Көл облусу — 5,

Чүй облусу — 4,

Ош облусу — 4,

Ош шаары — 3,

Баткен облусу— 3,

Нарын облусу — 2,

Жалал-Абад облусу — 1

Быйыл жалпы республикалык тестирлөөгө үч турдун жыйынтыгы менен жалпы 51 миң 185 абитуриент катышты.

Пикир

Оставить комментарий