• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Окуучулардын Илим, техника жана өндүрүш жумалыгы жыйынтыкталды

Билим 0

Бишкек, 16.02.21. /Кабар/. 12-февралда КР Улуттук илимдер академиясында окуучулардын Илим, техника жана өндүрүш жумалыгынын салтанатуу жабылышы өттү. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Аземге билим берүү жана илим министри Алмазбек Бейшеналиев катышты. Министр БРИТА «Алтын түйүнгө» Кыргызстанда илимий-техникалык билим берүүнү кеңири жайылтууда жасап жаткан иштери үчүн ыраазычылык билдирип, алдыдагы 60 жылдык мааракеси менен куттуктады.

Жумалыктын маанилүү окуяларынын бири болуп окуучулардын «Илим+ойлоп табуу = Техника!» Республикалык илимий-техникалык олимпиадасы (ИТО) болду. Ал 9-12-февралдарда “Инновациялык өнүгүү: илим жана билим берүүнүн потенциалы аймактарды индустриялаштыруунун негизи” темасында өттү.

Министр ИТО юниор лигасындагы жеңүүчүлөрүнө – Ош шаарынын командасына (Назарова Каныкей, Махмудова Назили, Мадумаров Абдулазиз, Хашимова Фатима, жетекчиси - Нарматалиев М.), мектеп лигасында – БРИТА «Алтын түйүн» командасына (Джекишев Атай, Советканов Ринат, Кадыров Азат, Мадиев Жайсан, жетекчиси – Аблакеев А.Б.) сыйлыктарын тапшырды. Балдар диплом жана баалуу байгелер, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин Өтмө кубогу менен сыйланышты.

ИТО күмүш байге ээлери:

  • Юниор лигада – Ош областынын командасы (Режаббаев Екубжон, Улугбеков Нурислам, Холматов Жовохир, Мусаев Байболот, жетекчиси - Садикова М.);
  • мектеп лигасында – Баткен областынын командасы (Кылычбек у. Кыялбек, Абдурахманов Азим, Амракулов Эмил, Сраждин у. Рашит, жетекчилери – Марипов А. жана Мухаметова Р.).

Коло байге ээлери:

  • Юниор лигада – БРИТА “Алтын түйүн” командасы (Мустафин Даниель, Шербеков Алтай, Токмаков Илья, Акматов Санжар, жетекчиси – Гасанов Б.);
  • мектеп лигасында – Чүй областынын командасы (Логинов Александр, Черненко Никита, Пухов Никита, Исмаилов Абду Адиль, жетекчиси – Черненко А.С. жана Амиров М.И.).

Ошондой эле Жумалыктын салтанаттуу жабылышында БРИТА «Алтын түйүн» тарбиялануучуларына илимдеги жана изилдөө ишиндеги ийгиликтери үчүн Кыргыз Республикасынын УИА академиктеринин атындагы стипендиялары ыйгарылды.

Мантия менен күбөлүктү балдарга Кыргыз Республикасынын УИАнын, КББАнын илимпоздору тапшырышты.

Республикалык окуучулардын Илим, техника жана өндүрүш жумалыгы – бул өсүп келе жаткан муундун өлкөнүн экономикалык өнүгүүсүнүн жана өсүп-өркүндөшүнүн негизинде турган өнөр жай турмушуна болгон кызыгуусун арттыруунун кубаттуу импульсу болуп саналат!

Пикир

Оставить комментарий