• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Товарларды жалган декларациялоо фактысы аныкталды

Укук тартиби 0

Бишкек, 16.02.21. /Кабар/. Товарларды жалган декларациялоо фактысы аныкталды. Бул тууралуу Мамлекеттик бажы кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, бажы кызматынын кызматкерлери көчмө бажы текшерүүсүн жүргүзүүдө жеке ишкер “Т.А.Т.” үчүнчү өлкөлөрдөн Кыргызстанга ташып кирген товарларды жалган декларациялоо катары каралган бажылык укук бузуу фактысын аныкташты.

Жүргүзүлгөн иш-чаралардын натыйжасында тиешелүү бажы төлөмдөрүнүн болжолдуу суммасы 22 миллион сомдун тегерегин түзөт.

Бул факт Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, чогултулган материалдар тергөөгө караштуулугу боюнча өткөрүлүп берилди.

Пикир

Оставить комментарий