• 88.68
  • 95
  • 0.95

Балдардын республикалык интеллектуалдык онлайн-сынагынын жеңүүчүлөрү аныкталды

Билим 0

Бишкек, 11.12.20. /Кабар/. “Балдардын интеллекти ачык түстөрдөй” республикалык интеллектуалдык онлайн-сынагынын жеңүүчүлөрү аныкталды. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлиги билдирет.

Министрлик “Балажан” Республикалык эстетикалык тарбия берүү окуу-усулдук борбору менен биргеликте көркөм сүрөт өнөр билермандарынын “Эрудит” Республикалык интеллектуалдык онлайн-сынагын өткөрүштү. Сынак КР президентинин “2020-жыл – аймактарды өнүктүрүү, өлкөнү санариптештирүү жана балдарды колдоо жылы” жөнүндө Жарлыгын ишке ашыруу алкагында өткөрүлдү.

Сынак окуучуларды көркөм сүрөт өнөрүнө кызыктыруу, билимдерин тереңдетүү, интеллектуалдык жана таанып-билүүчүлүк мүмкүнчүлүктөрүн, чыгармачылык компетенттүүлүктөрүн өстүрүү, креативдүүлүктөрүн калыптандыруу максатында өткөрүлгөн.

2020-жылдын 29-ноябрында Республикалык көркөм сүрөт өнөрүнүн билермандарынын “Эрудит” интеллектуалдык онлайн-сынагынын финалдык республикалык туру ZOOM платформасы аркылуу Next TV телестудиясында өттү. Финалга өлкөбүздүн бардык аймактарынан сынактын областтык турларынан чыгышкан 8 команда катышты. Алар: «Суулайман Тоо» (Ош областы), «Т.Садыковдун урпактары» (Баткен областы), «Акварелька» (Ысык-Көл областы), «Теңир-Тоо» (Нарын областы), «Дебют» (Чүй областы), «Чудотворцы» (Жалал-Абад областы), “Радуга” (Талас областы) жана «Гармония» (Ош шаары).

Финалдык республикалык тур төрт конкурстук баскычтан турду. Биринчи сырттан өткөн “Суперблиц” конкурстук баскычында катышуучулар Google forms тиркемеси аркылуу түзүлгөн көркөм сүрөт өнөрүнө тиешелүү 50 суроодон турган тестке жооп беришти. Тесттин жыйынтыгы балдардын көркөм сүрөт өнөрү боюнча билимдеринин жакшы деңгээлин көрсөттү.

Кийинки баскыч реалдуу убакыт тартибинде онлайн өткөрүлдү. Экинчи баскыч төмөнкү төрт тапшырманы камтыды: “Оратордук чеберчилик конкурсу”, “Сүрөттү улантып тарт”, “Берилген тамгалардан сөз куроо”, “Натюрморт түз”. Тапшырмаларды аткарууда окуучулар көркөм сүрөт өнөр жаатындагы ойлоп-табуучулук, зээндүүлүк, шамдагайлык сапаттарын көрсөтө алышты.

«Көркөм сүрөт өнөр жанрлары» аталышындагы сынактын үчүнчү баскычында командалар алдын ала өткөрүлгөн чучукулактын жыйынтыгы менен келген жанрлар боюнча изилдөөчүлүк иштерди аткарышты. Командалар берилген жанрдын классификациясын, пайда болуу тарыхын, тарыхый фактыларын, мисалдарды, ошол жанр боюнча иштеген эң белгилүү сүрөтчүлөрдүн аттарын ж.б. изилдеп чыгышты. Изилдөөлөрдүн жыйынтыгы менен командалар тандап алынган көркөм сүрөт өнөр жанрларында терең билимдерин ар түрдүү МКТнын жардамы менен көргөзө алышты.

Сынактын жыйынтыктоочу баскычында ар бир команда алдын ала чучукулак боюнча тандап алышкан жанрда реалдуу убакыт тартибинде сүрөт тартышты. Сүрөт тартып жатышканда ар бир катышуучу иш алып барып, топто иштөө, боёк, калем ж. б. көркөм сүрөт каражаттарын колдоно билүү жөндөмдүүлүктөрүн көргөзө алышты.

Балдардын иштерин компетенттүү калыстар тобу баалап турушту. Калыстар тобунун курамын түзгөндөр: (төрага) Жакыпов Жылкычы Турганбаевич – Кыргыз Республикасынын маданиятына Эмгек сиңирген ишмери, СССР жана КРнын сүрөтчүлөр союзунун мүчөсү, КРнын сүрөтчүлөр союзунун Башкармалыгынын мүчөсү; мүчөлөр: Мусина Дария Сапарбековна – “Балажан” Республикалык эстетикалык тарбия берүү окуу-усулдук борборунун директору, КРнын билим берүүсүнүн Эмгек сиңирген кызматкери, педагогика илимдеринин Кандидаты; Токтоев Сталбек Кудисович – Кыргыз Республикасынын маданиятынын Мыкты кызматкери, СССРдин жана Кыргыз Республикасынын сүрөтчүлөр союзунун мүчөсү, Кыргыз Республикасынын сүрөтчүлөр союзунун плакаттардын дизайны секциясынын төрагасы.

Конкурстун жыйынтыгы жана калыстар тобунун кеңеши боюнча “Эрудит” онлайн-сынагынын жеңүүчүлөрү болуп төмөнкүлөр аныкталды:

1-орун: Чүй областынын “Дебют” командасы;

2-орун: Жалал-Абад областынын “Чудотворцы” командасы;

3-орун: Ош областынын “Сулайман-Тоо” командасы;

Кызыктыруучу сыйлык: Баткен областынын “Тургунбай Садыковдун урпактары” командасы;

Кызыктыруучу сыйлык: Ысык-Көл областынын “Акварелька” командасы.

«Эрудит» республикалык интеллектуалдык онлайн-сынагына катышкан бардык командалар грамота менен сыйланышат, ал эми жеңүүчүлөр Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министирлиги тарабынан берилген диплом жана эстелик сыйлыктар менен сыйланышат.

Бул сынак экинчи жолу өтүлүүдө. Анын жыйынтыгы, Covid-19 пандемиясына карабастан, жаш сүрөтчүлөрдүн интеллектуалдык деңгээлдери өсүүсүн, өрчүүсүн далилдөөдө. Сынактын көрсөткүч жыйынтыгы болуп Next TV телеканалындагы анын чагылдырышы саналат.

Жаш эрудиттердин келечектеги билими түстүү боёктордой ачык болсун!

Пикир

Оставить комментарий