• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Кыргызстанда мектеп окуучулары арасында математика боюнча олимпиада өтөт

Билим 0

Бишкек, 07.12.20. /Кабар/. Билим берүү жана илим министрлиги Кыргыз-Швед математикалык мектеби (KSMS) менен биргеликте менчик түрүнө карабастан жалпы билим берүүчү мектептердин 6-11-класстарынын окуучуларына математика боюнча республикалык олимпиада өткөрөт. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы билдирет.

Олимпиаданын максаты – таланттуу жана математикалык билимге кызыккан балдарды табуу, алардын өнүгүүсүнө шарт түзүп берүү.

6-8-класстардын окуучулары үчүн олимпиада бир этап менен онлайн форматта 2020-жылдын 19-декабрында саат 12:00дө өтөт.

Ал эми 9-10-класстардын окуучулары үчүн олимпиада эки этап менен өтөт:

  • 1-этап: 2020-жылдын 19-декабрында саат 12:00дө онлайн форматта;
  • 2-этап: 2021-жылдын 5-январында саат 12:00дө Бишкек шаарында реалдуу форматта.

6-8-класстар арасында онлайн олимпиадада 1-2-3-орундарды алган окуучулар дипломдор менен сыйланышат.

9-11-класстар арасындагы олимпиаданын 2-этабынын (финал) жыйынтыгында 1-2-3-орундарды алган окуучулар дипломдор менен сыйланып, эл аралык олимпиадаларга катышууга чакырылышат.

9-11-класстар арасындагы олимпиадада 1-орунду ээлеген окуучулар KSMS математикалык клубунда окуу үчүн грантка ээ болушат.

Олимпиаданын бардык катышуучуларына электрондук сертификаттар ыйгарылат.

"Олимпиада тууралуу кененирээк маалыматты Кыргыз-Швед математика мектебинин www.ksms.kg сайтынан ала аласыздар. Суроолоруңуздар болсо, rom.ksms@gmail.com электрондук почтасына жазыңыздар", - деп айтылат маалыматта.

Олимпиада акысыз өткөрүлөт.

Пикир

Оставить комментарий