• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

А.Масалиевдин жубайы Хайрыкан Козубаева дүйнөдөн кайтты

Коом 0

Бишкек, 18-апрель /Салтанат Абдраева - Кабар/. Кечээ, 17-апрелде 78 жаш курагында Кыргызстандын көрүнүктүү мамлекеттик ишмери Абсамат Масалиевдин жубайы, учурдагы парламент депутаты Исках Масалиевдин апасы – Хайрыкан Козубаева дүйнөдөн кайтты.

Маркумду акыркы сапарга узатуу бүгүн Бишкекте өтүүдө. Ага парламент спикери Чыныбай Турсунбеков, КР Жогорку Сотунун башчысы Айнаш Токбаева, КР президентинин кеңешчиси Фарид Ниязов, Жогорку Кеңештин депутаттары, өкмөт мүчөлөрү келишти.

КР Президенти Алмазбек Атамбаев Масалиевдердин үй-бүлөсүнө материалдык жардам көрсөттү.

Х.Козубаева менен А.Масалиевдин 4 баласы бар.

Пикир

Оставить комментарий