• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Интерактивдик карта туристтер үчүн жакшы жардамчы болот - адис

Коом 0

Бишкек, 07.06.18. /Кабар/. Интерактивдик карта жана электрондук маалыматтык борбор түзүү маанилүү, анткени өлкөдө туристтик маалымат борборлору жок. Бул тууралуу адис Гүлмира Карымшакова билдирди.

“Биз көптөгөн өлкөлөр үчүн визасыз режим киргизгенбиз, бизге көптөгөн туристтер өздөрү эле туроператорлордун жардамысыз келишет. Бүгүнкү күндө өлкөдө негизинен уюштурулбаган туризм өнүккөн. Өлкөгө келген туристтер кайсыл жакка баруу керектиги жана республиканын ажайып кооз жерлери тууралуу билишпейт”,-деп билдирди ал.

Ал белгилегендей, интерактивдик карта ушуга окшогон туристтер үчүн жакшы жардамчы болуп берет. Ал интернеттин жардамы менен смартфон аркылуу иштей тургандыгы айтылууда.

Анын айтымында, турист учурда кайсыл жерде жүргөндүгү тууралуу маалымат берет, ал эми карта болсо ага мейманканага жетүү үчүн керектүү болгон маршрутту көргөзүп берет. Ага кошумча мейманканалардын түрү тиркелет (жылдызына карата).

“Азырынча биздин мейманканалар жалпы кабыл алынган талаптарга жооп бербейт. Ошондуктан бизге конок үйлөрүндө кызмат көрсөтүү боюнча стандарттарды иштеп чыгуу абзел. Ал бардыгы үчүн бирдей болушу керек”, - деп билдирди ал.

Адис кошумчалагандай, кызмат көрсөтүү жана тейлөө жагы тиешелүү деңгээлде болушу керек.

“Эгерде биз келечекте өлкөдө туризмди өнүктүрүүнү кааласак, анда Кыргызстанда интерактивдик карта жана электрондук маалыматтык борборун түзүү абдан маанилүү”,-деди Карымшакова.

Пикир

Оставить комментарий