• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Абылгазиев: Коммерциялык банктар аймактарды өнүктүрүүдө активдүү катышуучулар боло алышат

Өкмөт 0

Бишкек, 07.06.18. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев бүгүн, 7-июнда, өлкө Президенти тарабынан 2018-жылды Региондорду өнүктүрүү жылы катары жарыялоосу алкагында коммерциялык банктардын жетекчилери менен жолугушуу өткөрдү. Бул тууралуу КР өкмөтүнүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирет.

Премьер-министр Өкмөт тарабынан 2018-2022-жылдарга өлкөнүн 20 пилоттук шаарынын базасында өнүгүүнүн таяныч борборлорун түзүүгө багытталган Аймактык саясаттын концепциясы кабыл алынгандыгын эскертти.

«Бүгүн аймактарды өнүктүрүү маселесине өзгөчө көңүл бурулууда. Бул процессте коммерциялык банктар жана финансылык уюмдар маанилүү роль ойношу керек деп эсептейм. Дал ушул кредиттик ресурстар жаңы ишканалардын ачылышына, жумушчу орундардын түзүлүшүнө өбөлгө түзөт. Ошондуктан банктар тарабынан жүргүзүлүп жаткан кредит берүү саясаты аймактарга да багытталышы кажет», - деди Мухаммедкалый Абылгазиев.

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев белгилегендей, финансылык көрсөткүчтөр жалпы банк секторунун өнүгүп жаткандыгынан кабар берет, берилген кредиттердин пайыздык үстөктөрүнүн төмөндөшү, насыялоо көлөмүнүн жогрулашы байкалууда.

«Бирок учурда банктардын кредиттик ресурстары негизинен Бишкек жана Ош шаарларында, Чүй облусунда топтолгондугу байкалат, ал эми региондордо абал башкача. Биз үстүбүздөгү жылдан тарта аймактарды өнүктүрүүдөгү келечектеги тутумдук өзгөртүүлөр үчүн негиз салышыбыз керек жана жер-жерлерде ишкерлер үчүн насыяга жеткиликтүүлүктү камсыздообуз зарыл. Алардын арзан жана узак мөөнөттүү акча каражатын алууга мүмкүндүгү болуусу керек. Буга байланыштуу Өкмөт коммерциялык банктарды 20 өнүгүү борборунун алкагындагы долбоорлорго активдүү катышууга чакырат», - деди ал.

Мындан тышкары, Өкмөт башчы коммерциялык банктарга аймактардагы филиалдардын санын жана фермерлер үчүн жеңилдетилген насыя көлөмдөрүн жогорулатууну, ошондой эле колдонулган финансылык инструменттердин тизмесин өркүндөтүү жана кеңейтүү үстүндө үзгүлтүксүз иш алып баруну сунуштады.

«Биз коммерциялык банктарга аймактардагы баш кеңсесин ачууда салык жеңилдиктерин берүү аркылуу өбөлгөлөө чараларын карай алабыз», - деп кошумчалады Премьер-министр.

Өз кезегинде коммерциялык банктардын өкүлдөрү көптөгөн мамлекеттик программаларга катышууга, аймактардагы ишкерлерди колдоого алууга жана мамлекетти өнүктүрүүдөгү негизги артыкчылыктардын бири саналган адамдык мүмкүнчүлүктөрдү өнүктүрүүгө даярдыгын билдиришти.

Өкмөт башчы Аймактарды өнүктүрүү концепциясы алкагында ирригациялык тутумдарга жана ичүүчү таза суу менен камсыздоого басым жасалаарын белгиледи.

«Биз бул эки маселени чечпестен туруп, жер-жерлерди өнүктүрүү тууралуу кеп болушу мүмкүн эместигин түшүнөбүз. Мындан тышкары, Өкмөттүн артыкчылыктуу милдети болуп ар бир айылды Интернет менен камсыздоо, аны ар-бир жаранга жеткиликтүүлүгүн жакшыртуу болуп саналат. Ошондой эле беш жыл аралыгында 2000 км жол куруу жана бир катар башка милдеттерди чечүү пландаштырылууда. Биз башка өлкөлөргө иш издеп кетип жаткан жаштарды мекенибизге кайтаруу үчүн тийиштүү шарттарды түзүү менен бардык күчүбүздү аймактарга багыттоону ниеттенүүдөбүз», - деди Мухаммедкалый Абылгазиев.

Пикир

Оставить комментарий