• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Акылбек Жапаров Улуу Британиянын Кыргызстандагы элчиси Николас Боулерди кабыл алды

Өкмөт 0

Бишкек, 28.02.24. /Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Улуу Британиянын Кыргызстандагы элчиси Николас Боулерди кабыл алды.

Минкаб төрагасы элчиге 2023-жылдын ноябрь айында Улуу Британияга болгон жумуш сапарын уюштурууга көрсөткөн ар тараптуу колдоосу үчүн ыраазычылык билдирди.

“Кыргыз-британ мамилелеринин 30 жылдан ашык тарыхында биринчи жолу ушундай деңгээлде уюштурулган сапардын бай программасын канааттануу менен белгилегим келет. Менин сапарымдан кийин “Rotschild&Co”, “Franklin Templeton” сыяктуу атактуу британ компанияларынын Кыргызстанга келгендиги кубандырат, алардын өкүлдөрү менен жеке жолугушууларды да өткөрдүм”, - деди ал.

Улуу Британиянын элчиси Николас Боулер британ тараптын Кыргызстан менен эки тараптуу кызматташууну мындан ары өнүктүрүүгө жана бекемдөөгө умтулуусун ырастады.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар кыргыз-британ кызматташтыгынын күн тартибине кирген соода-экономикалык, инвестициялык жана тоо-кен тармагындагы мурда жетишилген макулдашууларды ишке ашыруунун жүрүшүн талкуулашты.

Пикир

Оставить комментарий