• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Өмүрбекова БУУ ВИЧ/СПИД боюнча программасынын Чыгыш Европа жана БАдагы атайы кеңешчиси менен жолукту

Өкмөт 0

Бишкек, 19.04.19. /Кабар/. Вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекова БУУ ВИЧ/СПИД боюнча Бириккен программасынын Чыгыш Европа жана Борбор Азиядагы атайы кеңешчиси Мишель Казачкин менен жолугушту.

Вице-премьер-министр Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн атынан ЮНЭЙДСке Кыргызстандагы ВИЧ/СПИД менен күрөшүү жаатында үзгүлтүксүз түрдө көрсөтүп жаткан көмөгү үчүн ыраазычылык билдирди.

«Кыргыз Республикасы ВИЧ/СПИДге каршы күрөшүүдөгү бир катар багыттар боюнча постсоветтик аймакта лидер болуп саналат. Кеп метадон терапиясын, түрмөдөгү зыяндардын кыскартылышын колдоого алган программалардын киргизилиши, калктын маанилүү топтору үчүн профилактикалоо программасы жана бейөкмөт уюмдардын базасында ВИЧке тестирлөөгө карай жеткиликтүүлүктү кеңейтүү жана мамлекеттик социалдык тапшырыкты киргизүү жөнүндө жүрүүдө», – деп белгиледи ал.

Алтынай Өмүрбекованын айтымында, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ВИЧ/СПИДге жана кургак учукка каршы күрөшүү жаатында эл аралык донордук уюмдардан тышкы гранттык көмөктүн көлөмүнүн кыскаруусу шартында мамлекеттик бюджеттин каражатынан жугуштуу ооруларга каршы күрөшүү программаларын каржылоону ырааттуу түрдө жогорулатуу боюнча ишти жүргүзүүдө.

«Ошол эле учурда саламаттык сактоо уюмдарынын ишин оптимизациялоо жана дары-дармек сатып алуу үчүн каралган мамлекеттик каражаттарды сарамжалдуу пайдалануу боюнча иштер аткарылууда. Биздин өлкө ВИЧ/СПИДге каршы күрөшүү маселесин терең колдоого алуу менен алдыга коюлган милдет-максаттарды чечүүдө мультисектордук мамиленини маанилүүлүгүн түшүнөт», - деди ал.

Өз кезегинде БУУ ВИЧ/СПИД боюнча программасынын Чыгыш Европа жана Борбор Азиядагы атайы кеңешчиси Мишель Казачкин белгилегендей, бүгүнкү жолугушуунун предмети катары жетишилген жыйынтыктарды жана актуалдуу көйгөйлөрдүү чечүүдөгү мындан аркы кадамдарды талкуулоо жана БУУ Туруктуу өнүгүү максаттарына ылайык, 2030-жылга дейре ВИЧ/СПИД, кургак учук жана сарыктын жайылуусун жоюу иштериндеги жетишкендиктерди чыңдоо саналат.

«Аталган үч эпидемия өз-ара тыгыз байланышта. Глобалдык максаттуу тенденцияларга каршы туруу менен, аймакта ВИЧ-инфекция күч алууда, өзгөчө, калктын аяр катмарындагылар мындан жапа чегүүдө. Кыргыз Республикасында алдыга коюлган милдеттерди ийгиликтүү чечүү үчүн бардык зарыл инструменттер бар, көрсөтүлгөн көйгөйлөр жапа тырмак киришүү аркылуу чечилип келүүдө», - деди ал.

Жыйынтыгында Алтынай Өмүрбекова республика күчтүү стратегия жана натыйжалуу иш-аракеттер натыйжасында аталган жугуштуу ооруларга тийиштүү жооп кайтарууну камсыздоого бет алгандыгын дагы бир ирет тастыктады.

Вице-премьер-министр белгилегендей, жолугушуу жүрүшүндө козголгон сунуштамалар эске алынуу менен кемчиликтер оңдолуп, чечимдерди кабыл алуу деңгээлиндеги талдоолор өткөрүлмөкчү.

Маалымдама: Кыргыз Республикасында ВИЧ/СПИДге каршы күрөшүү маанилүү маселе катары, Кыргыз Республикасынын 2018-2040-жылдарга Улуттук өнүктүрүү стратегиясы, Кыргыз Республикасынын 2018-2022-жылдарга «Биримдик. Ишеним. Жаратмандык» өнүгүү программасы, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-2030-жылдарга «Дени сак адам – гүлдөгөн мамлекет» аттуу калктын ден-соолугун коргоо жана саламаттык сактоо тутумун өнүктүрүү программасы сыяктуу стратегиялык документтеринде чагылдырылган.

Буга катар Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан 2017-2021-жылдарга Кыргыз Республикасында ВИЧ-инфекцияны жоюу боюнча программа бекитилген. Аталган Программанын негизги милдети 90-90-90 (ВИЧ менен жашагандардын 90% өзүнүн ВИЧ-статусу тууралуу билет, алардын 90%ы антиретровирустук терапия менен камсыздалышы, аталган терапияны алып жаткан жактардын 90%ын вирустук жүктөмдөн бошотуу) көрсөткүчүнө жетишүү.

Пикир

Оставить комментарий