• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Акылбек Жапаров алтынды өлчөөчү куймаларды чыгаруучу заводдун курулушу менен таанышты

Өкмөт 0

Бишкек, 19.03.24. /Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Чүй облусуна болгон иш сапарынын алкагында алтынды өлчөөчү куймаларды чыгаруучу заводдун курулушунун жүрүшү менен таанышты.

Министрлер кабинетинин басма сөз кызматынан кабарлашкандай, заводдун курулуш иштерин ушул жайда бүтүрүү пландалууда.

Министрлер кабинетинин башчысы ошондой эле токтоп турган молибден чыгаруучу цехтин абалы менен таанышты.

Андан тышкары, Акылбек Жапаров Москва районундагы 100гө адам иштеген көп функционалдуу консерва заводунун ишмердүүлүгү менен таанышкан.

Ал ошондой эле Москва районундагы керамзит чыгаруучу заводдо болду. Завод толук кандуу ишке киргенде 70 жумушчу орун түзүлөт.

Пикир

Оставить комментарий