• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Чүй облусунун ишкерлери "Ишкер24" тиркемеси менен таанышты

Аймак 0

Бишкек, 19.03.24. /Кабар/. Президенттин Чүй облусундагы өкүлчүлүгүндө "Ишкер24" мобилдик тиркемесинин бет ачары болду.

Президенттин аталган облустагы өкүлчүлүгүнөн билдиришкендей, иш-чара президент менен министрлер кабинетинин төрагасынын чакан жана орто бизнес үчүн санариптик чечимдерди түзүү демилгесинин алкагында өттү.

"РСК Банк" жана MEGA компанияларынын биргелешкен продуктусу ишкерлердин ишин жөнөкөйлөтүүгө арналган. Мындан тышкары, долбоор мамлекеттик салык кызматы тарабынан дагы колдоого алынат.

Тиркеме ишкерликтеги негизги этаптарды онлайн форматка өткөрүп, ишкерлер туш болгон салык төлөө, отчет берүү, кассалык аппараттар (ККМ) менен иштөө сыяктуу маселелердин кеңири спектрин чечип бере алат. Тиркеме 3 версиядан турат.

1-марттан баштап тиркеменин колдонуучуларга бирдиктүү идентификация тутумуна кирүүгө мүмкүнчүлүк берген версиясы иштеп баштады.

Жарандар электрондук кол тамганы алыстан алып, накталай эмес төлөмдөр үчүн коддорду түзүп, жеке ишкерликти каттоого онлайн-билдирмелерди берүү менен, алыш-бериш эсептерин ачып, ККМди онлайн-режиминде каттай алышат.

Пикир

Оставить комментарий