• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Жалал-Абад-Казарман жолунда жер көчкү жүрдү

Аймак 0

Бишкек, 7-июнь /Кабар/. Жалал-Абад-Казарман жолунда жер көчкү жүрүп, MegaCom байланыш операторунун кабелин үзүп кеткен. Бул тууралуу ӨКМ басма сөз кызматы билдирди.

Алардын маалыматы боюнча, 10 миң куб метр жер массасы 4-июнда 19:00 чамасында көчкөн. 350 метр байланыш зымы жарабай калганы айтылат. Жапа чеккендер жок.

Бул тилкеде 27-майда 700 миң куб метр жер көчкү жүргөн.

ӨКМ 2016-жылдын 14-октябрынан баштап райондук бийликтин чечими менен бул жол унаалар үчүн расмий түрдө жабылгандыгын эскертти.

Өзгөчө кырдаалдардын кесепеттерин жоюу үчүн 4 атайын текхника тартылган.

Пикир

Оставить комментарий