• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Кыргызстандын министрлер кабинетинин башчысы жумушчу сапар менен Кытайга барат

Өкмөт 0

Бишкек, 28.02.24. /Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров 2024-жылдын 29-февралынан 2-мартына чейин Кытайдын Синьцзян-Уйгур автономиялуу районуна жумушчу сапары менен барат.

Жумушчу сапардын алкагында Акылбек Жапаров, КЭР Коммунисттик партиясынын Борбордук Комитетинин Саясий бюросунун мүчөсү, СУАР Партиялык комитетинин катчысы Ма Синжуй, Өзбекстан премьер-министри Абдулла Арипов баштаган делегациялардын үч тараптуу жолугушуусуна катышат.

Ошондой эле, Кыргызстан, Өзбекстан, СУАР делегация башчылары биргеликте "Эркечтам-автожол" көзөмөл өткөрүү пунктуна барышы күтүлүүдө. Мындан тышкары министрлер кабинетинин төрагасы Кашкар шаарындагы Нарын эркин экономикалык аймагынынын ишмердүүлүгү менен таанышып, Кашкар эркин экономикалык аймагында жайгашкан бондалык кампасына барат.

Жумушчу сапардын алкагында соода экономикалык байланышты илгерилетүү боюнча эки жана көп тараптуу сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү күтүлүүдө.

Пикир

Оставить комментарий