• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Акылбек Жапаров Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын вице-президенти менен жолукту

Өкмөт 0

Бишкек, 28.02.24. /Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын (ЕРӨБ) вице-президенти Марк Боуман менен жолукту.

Жолугушууда тараптар гидроэнергетика, айыл чарба, туризм, суу ресурстары, транспорт, жеңил өнөр жай сыяктуу бир катар тармактарда кызматташуунун артыкчылыктуу маселелерин талкуулашты.

Тараптар энергетика тармагындагы кызматташууга өзгөчө көңүл бурушту.

Минкаб төрагасы белгилегендей, “энергетикалык коопсуздук жана энергетикалык натыйжалуулук маселеси биздин өлкөдө гана эмес, дүйнөлүк мейкиндикте да эң актуалдуу маселелердин бири болуп калды”.

Бул багытта Министрлер Кабинетинин Төрагасы “Камбар-Ата-1” ГЭСинин курулушу суу сактагычтын жана өндүрүлгөн электр энергиянын көлөмүн кыйла көбөйтүүгө мүмкүндүк берерин кошумчалады.

“Учурда эл аралык каржы институттары менен бул долбоорду каржылоо боюнча алдын ала макулдашуулар түзүлдү”, - деди минкаб төрагасы.

Андан ары маектешинин көңүлүн ирригация жана айыл чарба тармагындагы долбоорлорго бурган Акылбек Жапаров “бул тармактагы инвестиция суу сактагычтарды курууга, магистралдык жана кошумча каналдарды курууга, чарбалык курулуштарды калыбына келтирүүгө жана модернизациялоого жумшалат”, - деп кошумчалады.

Өз кезегинде ЕРӨБ вице-президенти 2023-жыл ЕРӨБдүн Кыргыз Республикасы менен кызматташуусу үчүн абдан ийгиликтүү жыл болгонун айтып, эки тарапты кызыктырган бардык долбоорлорду колдоого даяр экенин билдирди.

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров ЕРӨБдүн Кыргыз Республикасындагы ишмердүүлүгүн жогору баалап, чыгыш накылында айтылгандай, ар бир кийинки жолугушууда өнөктөштөр адегенде тааныштарга, андан кийин досторго, анан туугандарга айланарын айтып, ал ЕРӨБ президенти Одил Рено-Бассо менен үчүнчү жолу жолугушканын белгиледи.

"Бүгүн биз сиз менен экинчи жолу жолугушуубуз болду, мен да сиз менен "тууган болуу" үчүн үчүнчү жолугушууну үмүттөнөм", - деп жооп берди Марк Боуман.

Жолугушуунун жыйынтыгында Кыргыз Республикасы менен Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосунда Кыргыз Республикасында энергиянын кайра жаралуучу булактарын өнүктүрүүнү колдоо боюнча өз ара түшүнүшүү жөнүндөгү меморандумга кол коюлду.

Пикир

Оставить комментарий