• 88.39
  • 94.96
  • 0.97

Премьер-министр: Кытай менен болгон каттамдардын баардыгы токтотулду

Өкмөт 0

Бишкек, 27.01.20. /Кабар/. 2020-жылдын 23-январынан тарта Кытай Эл Республикасы менен болгон бардык каттамдар толук бойдон токтотулду. Бул тууралуу КР премьер-министри Мухаммедкалый Аблыгазиев өкмөттүн кезектеги жыйынын жүрүшүндө билдирди.

Өкмөт башчы жыйынды ачып жатып, коронавирустук инфекция чыккан Кытай Эл Республикасында түзүлгөн эпидемиологиялык кырдаалга байланыштуу кабыл алынган чаралар тууралуу айтты.

Мухаммедкалый Абылгазиев белгилегендей, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жана Саламаттык сактоо министрлиги тарабынан дароо чаралар топтому кабыл алынды: ыкчам штаб түзүлдү, мамлекеттик чек аранын бардык өткөрмө-көзөмөл жайларында санитардык-карантиндик көзөмөл күчөтүлдү, «Манас» жана «Ош» аэропортунда келген жүргүнчүлөрдү текшерүү үчүн дене табын өлчөгүчтөр орнотулду. 2020-жылдын 23-январынан тарта Кытай Эл Республикасы менен аба, унаа жана темир жол каттамдары толук бойдон токтотулду.

Эскерте кетсек, 2019-жылдын декабрь айында Кытайдын Ухань шаарында жаңы вирустун пайда болгону белгилүү болгон. Адистер аны коронавирустун жаңы түрү "2019-nCoV" деп атаган. Кытайда жаңы илдетти жуктуруп алгандардын саны 2744кө жетип, 80 адам каза болду.

Кытайдан тышкары илдетти жуктуруп алгандар Гонконг, Макао, Тайван, Таиланд, Япония, Түштүк Корея, АКШ, Канада, Вьетнам, Сингапур, Непал, Франция, Австралия жана Малайзияда байкалган.

Пикир

Оставить комментарий