• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Акылбек Жапаров жетектеген делегация Ташкенттеги «Технопарк» комплексинин иши менен таанышты

Өкмөт 0

Бишкек, 09.03.23. /Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровдун Өзбекстан Республикасына болгон жумушчу сапары уланууда.

Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдиргендей, бүгүн министрлер кабинетинин төрагасы жетектеген делегация Ташкент шаарындагы «Технопарк» өндүрүштүк комплексинин иши менен таанышты.

Технопарк боюнча “экскурсияны” Өзбекстандын премьер-министри Абдулла Арипов өткөрдү.

Кыдыруу учурунда аталган мекеме 2019-жылдын 10-июнунда В.П. Чкалов атындагы мурдагы Ташкент авиациялык өндүрүштүк бирикмесинин базасында түзүлгөндүгү айтылды.

Аянты 103 га болгон комплекстин аймагында 7 өндүрүштүк блокто тиричилик техникалары (анын ичинде тиричилик жана өнөр жай муздаткычтары, кир жуугуч машиналар, турмуш-тиричилик мештери, өнөр жай кондиционерлери, суу насостору, өнөр жай буюмдарын жана тетиктерди чыгаруу үчүн калыптар, панелдик радиаторлор, күн батареялары, эскалаторлор, лифттер, анын ичинде панорамалык лифттер) Artel, Samsung, Shivaki, Qsten бренддери менен чыгарылат.

Министрлер кабинетинин башчысы өзбек тарапка технопаркка чакыруусу үчүн ыраазычылык билдирип, эки өлкөнүн тиешелүү ведомстволорунун экономикалык байланыштарды чыңдоо жана кеңейтүү маселеси боюнча тыгыз кызматташуусунун зарылдыгын белгиледи.

«Мындай комплекстерди түзүү тажрыйбасы Кыргыз Республикасы үчүн пайдалуу болот. Ушундай эле долбоорду республиканын өнөр жай борбору саналган Чүй өрөөнүндө да түзүүгө болот. Мамлекет тиешелүү инфраструктураны камсыздап, мындай долбоорду ишке ашыруу үчүн зарыл болгон колдоону көрсөтүүгө даяр», - деп баса белгиледи Акылбек Жапаров.

Пикир

Оставить комментарий