• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Төрөбаев Евробиримдиктин Тышкы иштер жана коопсуздук саясаты боюнча жогорку өкүлү менен жолукту

Өкмөт 0

Бишкек, 30.01.24. /Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары – суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министри Бакыт Төрөбаев Европа Биримдигинин тышкы иштер жана коопсуздук саясаты боюнча жогорку өкүлү жана Европа комиссиясынын вице-президенти Жозеп Боррель менен жолукту.

Министрлер кабинетинен билдиришкендей, жолугушуу Бакыт Төрөбаевдин Бельгиянын Брюссель шаарына болгон жумуш сапарынын алкагында өттү.

Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө тараптар транспорттук байланыштарды, транзиттик потенциалды жана соода жүгүртүүнү өнүктүрүүгө үчүн эки тараптуу кызматташуунун актуалдуу маселелерин талкуулашты.

Анда министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Кыргызстандын авиакомпанияларын Евробиримдиктин “учуу коопсуздугунун” тизмесинен чыгаруу, өлкө жарандары үчүн визалык режимди жөнөкөйлөтүү, сейрек кездешүүчү жана маанилүү металлдарды иштетүүдө кызматташууну, ошондой эле мамлекеттин тышкы карызын жашыл долбоорлорго алмаштырууну колдоо мүмкүнчүлүгүн кароону сунуштады.

Өз кезегинде Жозеп Боррель негизи эле Борбор Азиянын дүйнөдөгү орду жогорулап жатканын белгилеп, Европа Биримдиги Кыргызстан менен өз ара кызыкчылык жараткан бардык тармактарда кызматташууну бекемдөө ниетин ырастады.

Пикир

Оставить комментарий