• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Акылбек Жапаров Өзгөндө курулушу жүрүп жаткан жана планга кирген бир катар долбоор менен таанышты

Өкмөт 0

Бишкек, 21.03.24. /Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Ош облусуна болгон жумуш сапарынын алкагында Өзгөн районунда жана Өзгөн шаарында курулуш иштери жүрүп жаткан жана планга кирген бир катар долбоорлордун жүрүшү менен таанышты. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Алгач министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров алгач Өзгөн шаарын айланып өтүүчү унаа жолунун курулушу менен таанышты.

Белгилей кетсек, айланма жол шаардын борбору аркылуу өткөн негизги Бишкек-Ош жолуна альтернатива болот. Узундугу 13,491 чакырымды түзгөн унаа жолунун курулуш иши 2024-жылдын аягына чейин бүтүрүү пландалган.

Иштин жүрүшү менен таанышып чыккан Акылбек Жапаров жолдун сапатына өзгөчө көңүл бурууну тапшырды.

Мындан тышкары, Кыргыз Республикасынын Коомчулукту өнүктүрүү жана инвестициялоо агенттигинин программасы аркылуу футболду өнүктүрүү максатында курула турган Өзгөн шарынын борбордук стадионунун долбоору тааныштырылды. Ошондой эле, туризмди өнүктүрүү, шаардын сырткы көрүнүшүн жакшыртуу максатында Н.Азнабакиев атындагы Тынчтык эс алуу паркы жана Орто-Коргон борбордук стадиону реконструкцияланат.

Ошондой эле, Өзгөн районунун Төрт-Көл айыл аймагына “Өзгөн мал базары” муниципалдык ишканасын куруу долбоору менен таанышты. Жалпы аянты 9 гектарды ээлеген мал базардын курулушу менен жарандар үчүн бардык шарттар түзүлөт. Ошондой эле, жугуштуу ылаңдарга күмөндөлгөн мал жандыктарды кармоочу жайы, дезинфекциялоочу каражаттарды сактоочу жайы, ветеринардык бөлмөлөр болот.

Пикир

Оставить комментарий