• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Маданият министрлигинин билим берүү мекемелери жаңы китептер менен камсыздалат

Коом 0


Бишкек, 30.01.24. /Кабар/. Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигине караштуу билим берүү мекемелери жаңы китептер менен камсыздалат. Бул тууралуу ведомстводон билдиришти.

Маалыматка ылайык, КР президентинин "Маданият, искусство жана спорт чөйрөсүн мамлекеттик колдоонун кечиктирилгис чаралары жөнүндө" жарлыгынын негизинде министрликке караштуу жогорку, орто кесиптик билим берүү мекемелерине, балдар музыкалык жана искусство мектептерине, мектепке чейинки билим берүү мекемелерине зарыл болгон окуу-усулдук колдонмолор жана китептер жарык көрдү.

Жогоркудагы билим берүү мекемелери үчүн төмөнкү 9 автордун окуу куралдары, китептери министрликтин каржылоосу менен "Улуу Тоолор" басмаканынан басылып чыкты:

1. Баласагын Мусаевдин “Балдар хору үчүн жазылган ырлар” аттуу балдар коллективдерин эстетикалык жана музыкалык жактан тарбиялоонун негизги каражаты катары саналган хор искусствосун өнүктүрүүгө арналган жыйнагы 1000 нускада;

2. Баласагын Мусаевдин “Цикл пьес для фортепиано” аттуу улуттук композиторлук мектепти пропагандалоого багытталган музыкалык окуу жайларынын студенттеринин жана музыкалык мектептеринин окуучуларынын репертуарын кеңейтүүгө, ошондой эле пианисттердин концерттик аткаруучулук репертуарын байытууга арналган жыйнагы 1000 нускада;

3. Таалайбек Доорановдун “Тоо баяндары” аттуу балдар музыкалык, искусство мектептердин, музыкалык жогорку, орто кесиптик окуу жайлардын атайын фортепиано жана камералык-аспаптык аткаруучулук курстарынын студенттери үчүн чыгарылган жыйнак 500 нускада;

4. Бактыгүл Марипованын “Музыканын башталгыч теориясы” аттуу кыскача теориялык түшүнүк менен берилип андан соң ноталык таблицалар, схемалар берилген, ноталык мисалдар менен коштолгон балдар музыкалык, искусство мектептерине, музыкалык орто окуу жана жогорку окуу жайларына арналган жыйнагы 500 нускада;

5. “Дастанчы” коомдук фонду тарабынан демилгеленген, Самат Көчөрбаев түзгөн “Улуу мурас” аттуу улуттук баалуулуктарды түбөлүккө сактоого арналган айтыштар, жоктоолор, арноолор, терме-санат, насыят, казалдар жана көлөмдүү ашыктык, арман ырларынан турган чыгармаларды камтыган жыйнагы 1000 нускада;

6. Мариям Корпобаеванын “Музыканын баштапкы теориясы” аттуу балдар музыкалык, искусство мектептеринин окуучуларынын жана жогорку, орто кесиптик окуу жайларынын студенттеринин музыкалык билимин тереңдетүүгө берилген жардам катары кыргыз тилинде жазылган окуу куралы 500 нускада;

7. Турдубек Чокиевдин “Кыргыз обондорунун антологиясы” аттуу кыргыз композиторлорунун жана обончуларынын бир кылым мезгил ичиндеги элге кеңири белгилүү ырларынын ноталуу жыйнагы 1000 нускада;

8. Аваз Сырымбетовдун “Бакен Кыдыкеева” аттуу залкар актриса Б Кыдыкееванын чыгармачылык жолун, изденүү, образ жаратуу процессин так даана чагылдырган эмгеги 500 нускада;

9. Асан Кайбылда уулунун “Кыргыз Күүлөрү” аттуу кыргыз музыкасынын башаты жана туу чокусу болгон, нечен кылымдардын жана доорлордун тарыхын, маданиятын кыл кайрыктарга сактап келген кмуз күүлөрүнүн тарых-таржымалы иликтенип, баяндалган 2 томдук китеби 1000 нускада жарык көрдү.

Ошондой эле "Турар" басмаканасы менен түзүлгөн келишимдин негизинде Сагыналы Субаналиевдин "Комуз в традиционной культуре кыргызов" аттуу кыргыздын улуттук музыкалык аспабы – комуздун өзгөчөлүгүн изилдеген монография 500 нускада чыкты.

Мындан сырткары, балдар музыкалык, искусство жана көркөм-сүрөт мектептеринин окуу процессине ылайыктуу окуу журналдары, кабыл алуу ведомосттору, экзамендик ведомосттору, музыкалык-теориялык сабактар үчүн окуу журналдары, жеке журналдары кыргызча басып чыгарылды.

Маданият жана искусство жаатындагы жогорку, орто кесиптик окуу жайларына, балдар музыкалык жана искусство мектептерине, мектепке чейинки билим берүү мекемелерине китепкана фондусун кеңейтүүгө, тиешелүү окуу–усулдук колдонмолор менен камсыз кылууга багытталган бул саамалык эгемендүүлүк жылдарындагы Министрлик тарабынан мамлекеттин каржылык колдоосунун алкагында алгач ирет уюштурулду.

Басып чыгарылган жогоруда аталган окуу-усулдук колдонмолор жана китептер министрликтин буйругуна ылайык жогорку, орто кесиптик билим берүү уюмдарына, балдар музыкалык жана искусство мектептерине, мектепке чейинки билим берүү мекемелерине акысыз негизде таратылып берилмекчи.

Пикир

Оставить комментарий