• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Абылгазиев: Өкмөт айыл чарба кооперативдерин кеңейтүү иштерин улантат

Өкмөт 0

Бишкек, 23.11.18. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев Талас облусуна жумушчу сапарынын жүрүшүндө Бакай-Ата районунун Шадыкан айыл аймагындагы «Нур» айыл чарба кооперативинин ишмердиги менен таанышты. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмүнөн билдиришти.

Бүгүнкү күнү кооперативдин 171 катышуучусу бар, 50 адам жумуш орундары менен камсыздалган. Кооператив ар түрдүү, анын ичинде «Авергун Ангус» букаларын өстүрөт. Жыл сайын «Нур» кооперативинде 40дан 45тоннага чейин эт өндүрүлөт.

Өкмөт башчы белгилегендей, агрардык тармактын атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жана экспорттук потенциалын жогорулатуу заманбап, инновациялык технологияларды киргизүү аркылуу гана мүмкүн болуп саналат.

Премьер-министр өзгөчө ырастагандай, жеңилдетилген насыялар жана лизингдик программаларды ишке ашыруу аркылуу аграрийлерге колдоо көрсөтүүгө Өкмөт тарабынан бөтөнчө көңүл бурулууда.

Анын айтымында, Өкмөт берилген жеңилдетилген насыялардын көлөмүн жыл сайын көбөйтүүгө умтулуп жатат.

«Агрардык тармактын механизация деңгээлин жогорулатуу жана айыл чарба техникасы паркын жаңылоо максатында облустун фермерлерин лизингдик программага активдүү катышууга чакырам. Биз айыл чарба продукциясынын сапатын жогорулатууга, анын өздүк наркын төмөндөтүүгө жана чет элдик рынокко атаандаштыкка жөндөмдүү продукция менен чыгуу үчүн зарыл көлөмдү камсыздоого жетишүүгө тийишпиз. Айыл чарбасы атамекендик экономиканын артыкчылыктуу тармагы болуп санаат. Муну эске алуу менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтү фермерлердин ишине колдоо көрсөтүүнү мындан ары да улантат», - деп баса белгиледи Мухаммедкалый Абылгазиев.

Мындан тышкары Өкмөт башчы белгилегендей, жасалма уруктандыруу ыкмасын жайылтуу аркылуу ири мүйүздүү малдын сейрек жана баалуу түрлөрүнүн башын көбөйтүү зарыл. Буга байланыштуу тармактык мамлекеттик органга бул багытта максаттуу программаны ыкчам иштеп чыгуу жана коюлган милдеттерди чечүү үчүн конкреттүү чараларды түзүү тапшырылды.

«Айыл Банк» ААКга фермерлерге букалардын сейрек түрүн лизингге алууга шарт түзгөн банктык продуктунун жаңы түрүн иштеп чыгуу милдеттендирилди.

Өкмөт башчы ошондой эле кошумчалагандай, өз алдынча башкаруу органдары мындай чарбалардын ишине кандайдыр бир ыңгайсыздыктарды жаратпоого жана аларга активдүү жардам көрсөтүүгө тийиш. Ошону менен бирге Премьер-министр белгилегендей, өлкө боюнча айыл чарба кооперативдеринин түйүндөрүн кеңейтүү иштери улантылат.

Пикир

Оставить комментарий