• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

АКШдагы таяк тартыш боюнча эл аралык мелдештин жеңүүчүсү Келдибек Атайбек уулу Бишкекке учуп келди

Спорт 0


Бишкек, 09.03.23. /Кабар/. Бүгүн, 9-мартта АКШда өткөн таяк тартыш (мас-рестлинг) боюнча Arnold Classic эл аралык мелдешинин жеңүүчүсү Келдибек Атайбек уулу Бишкекке учуп келди.

“Манас" эл аралык аэропортунан Дене тарбия жана спорт департаментине караштуу Спорттун олимпиадалык эмес түрлөрү боюнча дирекциясынын жетекчиси Райымбек Токомбаев, Кыргызстандын таяк тартыш федерациясынын өкүлдөрү жана спортчулардын жакындары тосуп алышты.

Эскерте кетсек, Кыргызстандын таяк тартыш боюнча улуттук курама командасы Огайо штатынын Коламбус шаарында өткөн Arnold Classic эл аралык мелдешинде 4 алтын медаль тагынды.

Мелдеш 3-5 март күндөрү өтүп, Кыргызстандын атынан үч спортчу катышкан. Кыз-келиндер арасында 75 кг салмак категориясында катышкан Дилбара Иманкулова, 95 кг салмакта Азамат Асанов алтын медалга ээ болушкан. Ал эми 120 кг салмакта катышкан Келдибек Атайбек уулу бир алтын, абсолюттук салмакта дагы бир алтын медаль тагынган.

Пикир

Оставить комментарий