• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Бишкекте үстөл үстүндөгү теннис боюнча клубдук чемпионат өттү – жыйынтыктар

Спорт 0

Бишкек, 24.09.18. /Кабар/. Бишкекте үстөл үстүндөгү теннис боюнча турнир өттү. Бул тууралуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинен билдиришти.

Посевин атындагы эл аралык жаштардын клубдук чемпионатынын үчүнчү туру 21нен 23-сентябрга чейин “Карвен үстөл үстүндөгү теннис борборунда” өттү.

Мелдештерге 16 команда катышып, Кыргызстан, Казакстан жана Өзбекстандын спортчулары ойношту.

Үчүнчү турда Өзбекстандан келген “Хван Ман Гым-1” командасы бардык оюндарды утуп, жадыбалда биринчи орунду алды. Экинчи орунду “Караганда-1”, үчүнчү орунду казакстандык “АДК” командасы ээледи.

Өзбекстандык Мехринисо Норкулова кыздар арасында жеке эсепте Александр Смирнова аттуу карагандалык спортчуну 4 партияда 3:1 эсебинде утту. Үчүнчү орунду өзбекстандык Диана Аристанова алды. Жаштар арасында биринчи орунду Озод Пардаев (Өзбекстан) утту. Күмүш медалды Никита Панов (Өзбекстан), үчүнчү орунду Тамерлан Ким (Казакстан) алды.

Пикир

Оставить комментарий