• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Валентина Шевченко чемпиондук курун коргоп калды

Спорт 0

Бишкек, 09.02.20./Кабар/. Валентина Шевченко UFC 247 мелдешинин алкагында америкалык Кэтлин Чукагян менен беттешип, чемпиондук курун коргоп калды.

Беттеш бүгүн, 9-февраль күнү Хьюстон шаарында (Техас штаты, АКШ) өттү.

Беттеш үч раундга чейин созулду. Үчүнчү раундда Шевченко атаандашын техникалык нокаут менен жеңип алды.

Эскерте кетсек, Шевченко 2018-жылдын декабрь айында польшалык Йоанна Еджейчикти жеңип, чемпиондук курдун ээси болгон. Былтыр ал чемпиондук курун эки ирет коргоп калган. Анда Шевченко анын чемпиондук курун талашкан Жессика Ай жана Лиз Кармушту жеңип чыккан.

Пикир

Оставить комментарий