• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Коронавирус: УЕФА бирикмеси Чемпиондор лигасын жана Европа лигасынын оюндарын токтотту

Спорт 0

Бишкек, 13.03.20. /Кабар/. Европа футбол ассоциацияларынын бирикмеси (УЕФА) өзүнүн расмий сайтында Чемпиондор лигасын жана Европа лигасынын оюндарын токтотконун билдирди. Бул тууралуу Чемпионат басылмасы жазат.

Маалыматка ылайык, кийинки жумада өтө турган бардык футболдук беттештер жылдырылды. Жылдырылган күнү кийинчирээк белгилүү болот. Мындай чечим дүйнөгө тараган коронавирустан улам кабыл алынган.

Буга чейин бир катар өлкөлөр оюндарды күйөрмансыз өткөрүү чечимин кабыл алган.COVID-19 илдети өткөн жылдын декабрь айында пайда болгон. Акыркы маалыматтарга караганда, оорудан 4,9 миң адам каза болгон.

Пикир

Оставить комментарий