• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Кыргызстандык лыжачы Максим Гордеевдин Олимпиададагы атаандаштары белгилүү болду

Спорт 0

Бишкек, 16.02.22. /Кабар/. Кыргызстандык лыжачы Максим Гордеевдин Пекиндеги Олимпиада оюндарындагы атаандаштары белгилүү болду. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Максим Гордеев катышкан эркектер арасында лыжа тебүү спортунан жалпы 88 лыжачы күчүн сынайт.

Ал эми кыргызстандык спортчу 81 номерде катышууда. Анын биринчи аракети бүгүн, 16-февралда Бишкек убактысы менен саат 8:15те болуп, экинчи аракети 11:45те болору айтылууда.

Пикир

Оставить комментарий