• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Жалал-Абад шаарында социалдык педагогдорго окутуу өткөрүлдү

Аймак 0

Бишкек, 16.02.22. /Кабар/. Жалал-Абад шаарында жайгашкан мектептердин социалдык педагогдоруна окутуу өткөрүлдү. Бул тууралуу шаардык муниципалитеттин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык окутуулар Жалал-Абад шаардык социалдык өнүгүү башкармалыгы менен шаардык билим берүү бөлүмүнүн адистери тарабынан жүргүзүлдү. Анда мектептердеги анонимдүү ящик уюштуруу, түшкөн маалыматтар менен жекече иш алып баруу, камкордукка, көзөмөлгө жана асыроого алынган балдарга кароо жүргүзүү, турмуштун оор кырдаалына кабылган балдарды окууга тартуу, туулгандыгы тууралуу күбөлүгү жок окуучуларды тактоо, кылмыштуулукка барган, зордук-зомбулукка кабылган окуучуларга психологиялык жактан жардам көрсөтүү тууралуу маалыматтар берилди.

Ошондой эле баланын ден соолугуна зыян келтирген жумуштарга баруусун көзөмөлдөө, ата-энеси мигрант окуучулар менен иштөө, суицид, өспүрүм кыздардын эрте никеге туруусун биргелешип токтотуу сыяктуу көйгөйлөр талкууланды.

Окутуунун соңунда үймө-үй кыдырууну улантуу, социалдык педагогдор менен социалдык кызматкерлердин ортосунда кызматташууну бекемдөө, өздүгүн тастыктоочу документтерди алып берүүдө биргеликте иш алып барууну күчөтүү милдеттенмелерин алышты.

Пикир

Оставить комментарий