• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Кайрат Осмоналиев: Кой-Таштагы окуялар күтүлгөн нерсе болчу

Коом 0

Бишкек, 07.08.20 /Кабар/. Бүгүн, 7-август күнү былтыр Кой-Ташта болгон окуяларга бир жыл болот. Юридика илимдеринин доктору Кайрат Осмоналиев Кой-Ташта болгон окуялар боюнча ою менен бөлүштү.

"Кой-Таштагы окуялар күтүлгөн нерсе болчу. Себеби, конфликт бир күндө чыккан жок, көптөн бери бар болчу", - дейт ал.

Анын айтымында, ал ишти токтотуу керек эле. "Себеби, тил албай коюу, мыйзамдарды тоготпоо жакшы нерсе берген жок", - дейт ал.

Ал билдиргендей, бийлик алдыны карап, ички саясаттан тышкары ал сырткы деңгээлде кандай өңүтү бар экенин баам салышы керек.

"Атамбаевди үйүнөн күчтөп алып кетүү айласыз чара болгонун айрым факторлор айтып турат", - дейт ал.

Ал белгилегендей, Атамбаевге өкүм чыккандан кийин массалык толкундоолор болгону көрүнбөйт.

"Эл нааразычылык кылганы көрүнбөйт. Хабаровск менен салыштырсаңар. Ал жакта губернатор Фургалды Москвага алып кетишти. Канча күндөн бери нааразычылыктар болуп жатат. Себеби, ал элдин сүймөнчүгүнө ээ болду. Эгер Атамбаев элдин сүймөнчүгүнө ээ болсо андай нааразычылыктар бизде болмок. Биринчи жылдары Атамбаев көп нерсе жасады. Бирок акыркы жылдарды анын айланасындагылар бузду. Ал суракка келип, мыйзамга баш ийерин көрсөтүшү керек болчу деген пикирдемин", - деди ал.

Пикир

Оставить комментарий