• 88.39
  • 94.96
  • 0.97

Кыргызстанда көмүргө болгон баа кескин жогорулабайт – Өнөр жай комитети

Коом 0

Бишкек, 19.11.19. /Кабар/. Кыргызстанда кыш мезгилине карата көмүр даярдоо иши 90%га аяктаган. Бул тууралуу “Кабар” агенттигинде өткөң маалымат жыйынында Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин жетекчисинин орун басары Мырза Жаманбаев билдирди.

Анын айтуусунда, кыш мезгилинде Кыргызстанда 2,5 млн.тонна көмүр камдоо керек. “Бүгүнкү күндө кышка даярдануу планга ылайык жүрүүдө. Атап айтканда, өлкөнүн түндүгүндө 541 миң тонна, түштүгүндө – 1 млн 40 миң тонна көмүр камдалган. Калганы планга жараша камдалат. Өлкөдө көмүргө болгон орточо баа 3,5-4 миң сомду түзөт. Түштүктө тандалма көмүрдүн баасы 7 миңге чейин жетет. Ошондой эле Казакстандан “Шабыркүл” көмүрү тоннасына 3,5 миң сомдон ташылып келүүдө”, - дейт Жаманбаев.

Ал көмүргөн болгон баа кескин жогорулабай тургандыгын билдирди. "Мурун бааларды күн кескин сууктап кеткенде жасалма түрдө жогорулатып салышчу. Быйыл андай аракеттер байкалган жок”, - деп билдирди Жаманбаев.

Ал эми “Кыргыз көмүр” мамлекеттик ишканасынын директору Канатбек Ашырбаев кабарлагандай, көмүр казуу иштери 117%га жүргүзүлүүдө. “2018-жылы 460 миң тонна көмүр казылган болсо, бул жылы биз 550 миң тонна көмүр казууну пландап жатабыз. Мамлекеттик ишкананын негизги милдети – көмүр казуу. Ал эми аны ташуу көмүр сатуу менен алектенген ишкерлер менен фирмалардын милдети. Учурда кыргыз көмүрүнүн сапаты баардык талаптарга жооп берет”, - дейт Ашырбаев.

Пикир

Оставить комментарий