• 88.68
  • 95
  • 0.95

ЖКККББ “Platinum” курулуш компаниясына 7,5 миң сом айып салды

Коом 0


Бишкек, 11.08.23./Кабар/. Жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылган башкы башкармалык (ЖКККББ) тарабынан "Platinum” курулуш компаниясы 7 миң 500 сом өлчөмүндө айып салынды. Ага жарандардын кайрылуусу себеп болгон.

ЖКККББнын маалымат кызматынан билдиришкендей, социалдык тармакта 12-кичирайонунда аталган курулуш компаниясы коопсуздук эрежелерин сактабай, башка жол кыймылынын катышуучуларына тоскоолдук жаратуу менен курулуш иштерин жүргүзүп жаткандыгы тартылган видео тараган. Жарандар бул көрүнүшкө карата тийиштүү чара көрүүнү өтүнүшкөн.

"Бул боюнча ЖКККББ “Platinum” курулуш компаниясына курулуштарды куруу учурунда жолдордо коопсуздук эрежелерин сактабагандыгы үчүн, укук бузуулар кодексинин 178-беренесинин 1-бөлүмүнө ылайык 7500 сом айып салды", - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий