• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Зыян бир млн сомдон ашат. Бишкекте спорт мектебинин директору кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 13.02.24. /Кабар/. Бишкектеги ишенип берилген мүлктү ыйгарып алуу же коротуу фактысы менен спорт мектебинин директору кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен кабарлашты.

Маалыматка ылайык, Бишкек шаарынын Свердлов РИИБге Бишкек шаарынын мэриясынын дене тарбия жана спорт, туризм жана жаштар менен иштөө департаментинин директорунан кайрылуу келип түшкөн. Анда спорттук мектептердин биринде мүлктү кабыл алуу жана өткөрүп берүү учурунда спорттук инвентарлардын көлөмү инвентаризациялык отчетко туура келбеген фактылар аныкталган. Натыйжада мамлекеттик бюджетке бир миллион сомдон ашык зыян келтирилген.

Аталган факты Бишкек шаарынын Свердлов РИИБнин КБРне катталып, КР Кылмыш-жаза кодексинин 210-беренесинин 4-бөлүгүнүн 2-пункту (Ишенип берилген мүлктү ыйгарып алуу же коротуу) боюнча кылмыш иши козголгон.

Тергөө иштеринин жүрүшүндө 1985-жылы туулган С.К. аттуу жаран (ред.: бильярд боюнча дүйнөнүн үч жолку чемпиону Каныбек Сагынбаев) аталган мекеменин директору кызматына дайындалып жатканда жооптуу адамдарга Ж.Баласагын атындагы КУУнун алдындагы Башкаруу жана бизнес институтунун дипломун бергени аныкталган. Бирок, алынган расмий маалыматтарга ылайык, жогоруда көрсөтүлгөн диплом С.К. наамына берилген эмес жана архивдик документтердин жана окуу жайдын өздүк курамы боюнча буйруктардын арасында көрсөтүлгөн эмес.

Аталган факты боюнча КР Кылмыш-жаза кодексинин 379-беренесинин 2-бөлүгүндө (Документтерди жасалмалоо) каралган кылмыш белгилери боюнча өзүнчө кылмыш иши козголгон.

Тергөө жана ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө ИИМдин КИББнын 4-башкармалыгынын ыкчам кызматкерлери тарабынан 1985-жылы туулган С.К. шектүү катары аныкталып, кармалган.

Тергөө кызматына жеткирилип, КР ЖПКнын 96-беренесинин негизинде Бишкек ШИИББдин УКЖна киргизилген.

Бишкек шаарынын Свердлов райондук соту тарабынан шектүү С.К. карата үй камагына чыгаруу чарасы колдонулган.

Пикир

Оставить комментарий