• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Быйыл Кыргызстанда мыйзамсыз жүгүртүүдөн 3,5 тоннадан ашык баңгизат алынган

Укук тартиби 0

Бишкек, 28.12.21. /Кабар/. Ички иштер минисрлиги тарабынан үстүбүздөгү жылдын 11 ай аралыгында мыйзамсыз жүгүртүүдөн 3,5 тоннадан ашык баңгизат алынган. Бул тууралуу аталган министрликтин басма сөз кызматы билдирди.

Ички иштер органдары, Башкы прокуратуранын расмий маалыматтары боюнча, Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине (КЖБР) баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүү чөйрөсүндө 1206 кылмыш жана жорук катталган.

Тактап айтканда, ыкчам тергөө аракетердин негизинде мыйзамсыз жүгүртүүдөн 3 тонна 605 кг 59 гр баңгизат, психотроптук зат жана прекурсор алынган. Анын ичинен: апийим - 20 кг 36 гр, героин - 6 кг 131 гр, гашиш - 217 кг 135 гр, марихуана - 290 кг 556 гр, кара куурай - 326 кг 982 гр, прекурсорлор - 2 тонна 469 кг 460 гр, психотроптук заттар – 11 кг 055 гр, фармацептикалык дарылар - 21 гр, апийимдин магы - 66 гр, башка баңгизаттар - 236 кг 506 гр.

Пикир

Оставить комментарий