• 88.68
  • 95
  • 0.95

Кара-Сууда Кытай жарандарын тоноого шектелип Өзбекстандын 3 жараны кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 13.09.22. /Кабар/. Кара-Сууда Кытай жарандарын тоноого шектүү Өзбекстандын 3 жараны кармалды. Бул тууралуу Ош облустук ички иштер башкармалыгы билдирди.

Маалыматка ылайык, 11-сентябрда Кара-Суу райондук милициясына Кытай жарандары 1997-жылы туулган Л. Ц. жана 1991-жылы туулган Л. Ж. арыз менен кайрылып, алардын убактылуу жашап жаткан батирине колунда бычагы бар бет капчан эки адам бастырып кирип, 1,5 миң доллар жана 50 миң сом акчасын алып, белгисиз тарапка из жашырып кетишкенин билдирген.

Ушул эле күнү Кара-Суу РИИБдин Кылмыш иликтөө бөлүмчөсүнүн кызматкерлери бул кылмышка шектүү катары үч адамды кармаган. Алар: Өзбекстандын жарандары, Ош шаарынын убактылуу жашоочулары 25-жаштагы М.А., 29 жаштагы А.С. жана Кара-Суу районунун убактылуу жашоочусу 25 жаштагы Н.М. кармалып, Кара-Суу райондук милициясынын убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 207-берененин ("Каракчылык") негизинде кылмыш иши козголуп, тийиштүү экспертизалар дайындалды.

Учурда шектүүлөрдүн мындан башка да кылмыш иштерине катыштыгы бар же жок экендиги текшерилүүдө.

Пикир

Оставить комментарий