• 88.68
  • 95
  • 0.95

«Түндүк-Чыгыш» бажысынын кызматкерлери бажылык укук бузуу фактысын аныкташты

Укук тартиби 0

Бишкек, 28.04.22. /Кабар/. «Түндүк-Чыгыш» бажысынын кызматкерлери бажылык укук бузуу фактысын аныкташты, - деп билдирет Мамлекеттик бажы кызматынын маалымат кызматы.

Билдирүүгө ылайык, «Түндүк-Чыгыш» бажысынын Контрабанда жана бажы эрежелерин бузууга каршы күрөшүү бөлүмүнүн кызматкерлери бажы мыйзамдарын бузуу фактыларын табууга багытталган иш-чараларды өткөрүүдө «Г.К.П.З.» ЖЧКсы 2017-жылдын июнунан 2021-жылдын март айын кошуп ар түрдүү техниканы жана транспорт каражаттарын КР Салык кодексинин 301-беренесине (259) ылайык, КНСти төлөөдөн бошотуу менен бажылык жактан негизги каражаттар катары таризделгенин аныкташты.

Техниканы жана транспорт каражаттарды максаттуу колдонууга карата текшерүү иш-чараларын жүргүзүүдө жогоруда аталган ЖЧК 2022-жылдын 1-январынан тарта өз ишмердигин токтотуп, бажы декларациясын тиешелүү түрдө оңдобостон жана бажыга байланыштуу төлөмдөрдү төлөбөстөн жокко чыгаруу процедурасын баштаганы аныкталды.

«2020-жылдын 13-февралындагы № 79 Бажы төлөмдөрүн, атайын, демпингге каршы жана компенсациялык алымдарды эсептөөнү жана төлөөнү контролдоо боюнча нускаманын 5-главасынын 57-пунктуна ылайык, товар шарттуу чыгарылган деп эсептелинген Кодекс тарабынан белгиленген мөөнөт аяктаганга чейин (же товар сет мамлекеттик статусун сактаган мөөнөттүн ичинде) негизги каражаттарды ажыратууда субъект товарларды чыгарууну жүзөгө ашырган бажы органына КНСти төлөйт», - деп айтылат билдирүүдө.

Жүргүзүлгөн иш-чаралардын натыйжасында бошотулган КНСтин жалпы суммасы 9 млн 320 миң 932,76 сомду түзгөн.

Пикир

Оставить комментарий