• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

“Ала-Тоо” аквапаркындагы окуучунун өлүмү боюнча азырынча эч ким кармала элек – милиция

Укук тартиби 0

Бишкек, 08.06.22. /Кабар/. Интернет желесинде “Ала-Тоо” аквапаркындагы кырсык боюнча сууга чөккөн окуучу баланын класс жетекичиси кармалганды делген маалымат тараган.

Октябрь райондук милициясынын басма сөз кызматынан "Кабарга" билдиришкендей, кырсык боюнча иликтөө жүрүүдө, азырынча аталган фактыга байланыштуу эч ким кармала элек.

Эске сала кетсек, 6-июнда №95 мектептин башталгыч класстарынын окуучулары ата-энелери менен чогуу "Ала-Тоо" аквапаркындагы бассейнге барышып, эс алуу учурунда 3-класстын окуучусу сууга чөгүп кеткен.

Аталган факты кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталып, Кылмыш-жаза кодексинин 127-чи (Этиятсыздыктан өлүмгө алып келүү) жана 297-беренелеринин (Керектөөчүлөр үчүн коркунуч жаратуу) негизинде кылмыш иши козголуп, соттук-экспертиза дайындалды.

Учурда иликтөө иштери уланууда.

Пикир

Оставить комментарий