• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

УКМК: Сузак райондук милициясынын ыкчам кызматкерлери пара менен кармалды

Укук тартиби 0


Бишкек, 22.06.22. /Кабар/. Сузак райондук ички иштер бөлүмүнүн кылмыш иликтөөсүнүн ыкчам кызматкерлери 15 миң сом пара алып жаткан учурунда кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, К.А.А. жана Э.А.А. аттуу Сузак РИИБнин кылмыш иликтөө бөлүмүнүн ыкчам кызматкерлери райондун жашочусун кылмыш жообуна тартуу менен коркутуп, жасалма арыз материалдарын жасап, оң чечим чыгарып беребиз деп 40 миң сом өлчөмүндө акча каражатын талап кылышкан, анын 25 миң сомун мурда алышкан.

Аталган факт боюнча КР Кылмыш-жаза кодексинин пара талап кылуу беренесинин негизинде кылмыш иши козголду.

Кармалгандар УКМК тергөө камак жайына киргизилди. Азыркы учурда сотко чейинки өндүрүштүн алкагында тиешелүү иш-чаралар уланууда.

Пикир

Оставить комментарий