• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Талас облусунун 30 жаштагы тургунун тинтүү учурунда баңгизат табылды

Укук тартиби 0


Бишкек, 21.11.22. /Кабар/. Талас облусунун 30 жаштагы тургунун тинтүү учурунда баңгизат табылды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматынан билдирди.

Маалыматка ылайык, буга чейин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын Уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү башкармалыгынын кызматкерлерине кылмыштуу түзүмдөр менен тыгыз байланышта болгон белгилүү топ борбор калаада баңгизат сатып жүргөндүгү тууралуу ыкчам маалымат келип түшкөн.

Ыкчам иликтөө иштеринин жүрүшүндө бул топтун катышуучуларынын бири жаран А.уулу Н. уюшкан кылмыштуу топтун активдүү мүчөсү катары ИИМдин ыкчам
каттоосунда турганы аныкталган.

Топтолгон материалдардын негизинде аталган факты боюнча КР Кылмыш-жаза кодексинин 282-беренеси ("Баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатып өткөрүү максатында мыйзамсыз даярдоо") менен кылмыш иши козголгон.

2022-жылдын ноябрында ИИМ кызматкерлери Атайын багыттагы полктун атайын операциялар отрядынын жоокерлери менен биргеликте козголгон кылмыш ишинин алкагында ыкчам-иликтөө иш-чараларын жүргүзүшкөн.

Көрүлгөн иш-чаралардын натыйжасында мурда соттолгон, уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары ИИМдин ыкчам каттоосунда турган Талас облусунун 1992-жылы туулган тургуну А.уулу Н. тинтүү учурунда өзгөчө жыты бар кочкул-жашыл түстөгү жалпы салмагы 22 граммды түзгөн гашиш баңгизаты табылып, тергөө кызматына тапшырылган.

Учурда аталган кылмыш иши боюнча тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.

Пикир

Оставить комментарий