• 88.68
  • 95
  • 0.95

Бишкекте жыл башынан тарта 2683 мас айдоочу кармалган - Кайгуул кызматы

Укук тартиби 0

Бишкек, 12.12.20 /Кабар/. Бишкек ШИИББи боюнча милициянын кайгуул кызматкерлери тарабынан жол кыймылынын коопсуздук эрежелерин бузган айдоочуларга карата 11 ай ичинде 174 379 протокол толтурулган.

Кайгуул кызматынан билдиришкендей, анын ичинен:

-Автоунааны мас абалында башкарган 2683 айдоочу;

-Айдоочулук күбөлүгү жок унаа башкарган 3375 айдоочу;

-Унаанын алдыңкы жана каптал терезелерин атайын күңүрттөп, караңгылатып айдаган айдоочулар 924;

-Авто ээнбаштык 41айдоочу .

Ошондой эле 19 091 унаа убактылуу айып төлөөчү короо жайына токтотулган.

Маалыматка ылайык, түзүлгөн протоколдордун негизинде 273 350 500 сом айыппул салынып, бүгүнкү күндө 95 837 565 сом өндүрүлгөн.

Милициянын кайгуул кызматы айдоочуларга жол кыймылын коопсуздук эрежелерин так сактоого чакырат.

Пикир

Оставить комментарий