• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

ККМны массалык жайылтуу бюджеттин кирешелерин болжолдоого кандай жардам берет

Аналитика 0

Кыргызстанда жыл башынан бери жаңы салык кодексин киргизүү менен кошо ишкердик чөйрөсүндө контролдук-кассалык машиналарды массалык жайылтуу боюнча иштер активдүү жүрүүдө. Бүгүнкү күнгө карата 47 миңден ашык ишкер ККМ колдонууга өтүп, бул тынымсыз өсүүдө.

Албетте, ишкерлердин баары министрлер кабинетинин ишкер субъектеринин ККМны милдеттүү колдонуу тууралуу демилгесин колдой беришкен жок. Анткени, бул аппараттын өзү жана аны тейлөө сыяктуу кошумча чыгымдарды алып келет. Бирок өкмөттөн чакан жана орто бизнес өкүлдөрү үчүн өз ишмердүүлүктөрүндө ККМны колдонуу аны колдонбоого караганда пайдалуурак деп ишендиришүүдө, анткени жылдык жүгүртүүсү 8 млн сомдон ашпаган ишкер субъектер жаңы салык кодексине ылайык салык төлөөдөн бошотулат.

Муну менен катар ККМны колдонуу көмүскө рынокту бир кыйла азайтат, бул өз кезегинде бюджетке салыктык түшүүлөрдүн көлөмүн көбөйтүп, өкмөттүн республикалык бюджетти жана түшүүлөрдү божомолдоо мүмкүнчүлүгүн жогорулатат.

ККМны милдеттүү колдонууну жайылтуунун башынан тарта салык кызматы бул масштабдуу долбоордун аркасында ай сайын салык боюнча пландык көрсөткүчтөрдү ашыгы менен аткарууда. Ошондой эле салыктык башкаруу, ишкерлерди онлайн тейлөөгө өткөрүү, бизнести көмүскөдөн чыгаруу боюнча ишмердүүлүк, ЕАЭБ өлкөлөрү менен сооданын алкагында кыйыр салыкты башкаруу боюнча иштер өзүнүн жыйынтыгын берүүдө.

Мамлекеттик салык кызматынын маалыматы боюнча, 5 айда мамлекеттик бюджетке салык жана төлөмдөрдөн 60,8 млрд сом жыйналган. Учурдагы план 1,2 млрд сомго ашыгы менен чогулган. Бул 2021-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу салыктар 22,4 млрд сомго көп жыйналганын билдирет. Муну менен 5 айда бюджетке дээрлик $300 млн кошумча түшүү болду.

Бул иштерди өнүктүрүү үчүн МСК жетекчилиги ККМны колдонуулар, акысыз программалык ККМны берүү боюнча көрүлүп жаткан чаралар жана “Чек талап кылып, бейге утуп ал!” түрткү берүүчү лореянын жүрүшү тууралуу маалымат берди.

“Азыркы учурда 47 миңден ашык субъект ККМны колдонууда. МСК ишкерлерди акысыз ККМ менен камсыздоо боюнча мүмкүн болгондун барын жасоодо. Мындан тышкары, жарандарды кассалык чекти талап кылуусуна түрткү берүү үчүн лотерея ойнотулууда, анда жеңүүчүлөр үчүн баалуу белектер каралган. Биринчи ойнотуу 1-июлда өтөт”, - деп белгиледи МСКнын башчысы.

Муну менен катар МСК салык органдары ККМ колдонбогон ишкерлердин лицензиясын тартып алуу укугуна ээ эмес экенин эскертет.

“Жаңы салык кодексине ылайык, ККМ колдонбоо жана бузук аппаратты колдонууга административдик айып салынат. МСК алькоголдук продукцияларды саткан субъектерден жана лицензиялык талаптарды сактабагандардын лицензиясын токтотууга гана укуктуу. Эгер ККМ аппаратты колдонбогондугу үчүн лицензияны тартып алуу фактысы болсо МСКнын борбордук аппаратына (ишеним номерлери (0312) 613189) кайрылууну өтүнөбүз, анда кызматтык иликтөөнүн жыйынтыгы менен жергиликтүү салык органынын жетекчилигине карата тиешелүү чара көрүлөт”, - деп билдирди салык кызматынан.

Белгидей кетүүчү жагдай, министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров ККМга каршы чыккан Бишкектеги “Дордой Food” азык-түлүк базарында иштеген ишкерлер менен жолугушууда аталган процесс көмүскө экономиканы жана аткезчиликти кыскартууга, ошондой эле социалдык милдеттерди аткарууга багытталганын түшүндүрдү.

Муну менен катар министрлер кабинетинин башчысы ишкерлерди салыкты ак ниеттүүлүк менен төлөөгө жана калктын саламаттыгына терс таасирин тийгизген антибиотиктери бар шектүү азык-түлүктөрдү сатуудан баш тартууга чакырды.

"Фискалдаштыруу жана санариптештирүү товарлардын кыймылын жана аларды эсепке алуу системасына ээ болуу үчүн киргизилүүдө. Ошол эле учурда биз диалогго даярбыз жана биргелешип өз ара пайдалуу макулдашылган чечимди издейбиз. Ишкерлерден жана мамлекеттик органдардын өкүлдөрүнөн турган жумушчу топ түзүлдү, биз бизнестин ар кандай критерийлеринин жана категорияларынын негизинде бардык варианттарды карап чыгабыз.

Биз салыкчыларды окутабыз, зарыл болсо салык кызматынын курамын жаңылайбыз, бирок товарларды эсепке алуу системасы иштеши керек. Буга чейин ар бир аймактын санариптик картасы түзүлүп, бардык аймактардан түшкөн маалыматтар Кырдаалдык борборго чогултулуп жатат. Сатып алынган товарлар үчүн эсеп-фактураларды алуу маанилүү, эгерде сиз спирт ичимдиктерин, тамекилерди жана дары-дармектерди сатуу менен алектенсеңиз, акысыз кассалык аппараттарды орнотуңуз. Калган шарттарды ишкерлердин бардык топтору үчүн ийкемдүү жана ыңгайлуу кылабыз",- деп билдирди министрлер кабинетинин башчысы Акылбек Жапаров.

Ишкерлерден жана мамлекеттик органдардын өкүлдөрүнөн турган жумушчу топ ар бир соода түйүнүнүн жеке өзгөчөлүктөрүн эске алуу менен ККМны жайылтуу жана колдонуунун шарттарын иштеп чыгат. А чындыгында, KKMны киргизүү, салыктарды жана товар айландырууну так эсепке алуу эртеби-кечпи жолугууга туура келген чындык. Ошентип, өкмөт ККМны жайылтуу процесси Win-win позициясын ээлөөсү үчүн бардык аракетти көрөт.

"Кабар" МАБ

Пикир

Оставить комментарий