• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Калкты жапырт эмдөө. Кыргызстанда жарандарды вакцинациялоого жеңилдиктер түзүлүүдө

Аналитика 0

Кыргызстанда 11-июлдан баштап коронавируска каршы калкты жапырт эмдөө башталган. Көпчүлүгү өздөрүн жана жакындарын оорудан сактоо үчүн вакциналарды күтүп жатышкан эле. Вакциналар өлкөгө жазында келе баштаган, бирок ал учурда жаш курагы жана башкалар боюнча чектөөлөр болгон.

Өткөн аптада Кытайдан “Синофарм” вакцинасынын 1,2 миллиондон ашык дозасы келген. Вакцинациянын жигердүү программасы иштей баштады. Эми вакцинаны медициналык мекемелерден гана эмес, соода борборлорунан да алса болот.

Бирок бүгүнкү күнгө чейин вакцина пайдасынан зыяны көп деп эсептеген сын көз караштагы адамдар дагы жок эмес. Алар вакцинанын тез аралыкта иштелип чыккан деген жүйө келтиришүүдө. Мындай адамдарды түшүнсө болот, анткени ден соолугунун коопсуздугу үчүн кам көрүү кадыресе көрүнүш.

Кыргызстанга келген вакциналар башка өлкөлөрдө иштелип чыккандыгын жана өлкөнүн рыногуна келгенге чейин чет жактарда колдонулуп келгендигин дагы түшүнүү керек. Алсак, "Спутник V" дарысы Россияда жана башка өлкөлөрдө, Кытайдын “Синофарм” вакцинасы да өз өлкөсүндө активдүү колдонулат. Ал дарынын коопсуздугу, терс таасирлери, организмге болгон реакциясы жана башка көптөгөн маалыматтар топтолгон. Адамды өлтүрүшү мүмкүн болгон вакцина массалык түрдө өндүрүлбөйт эле. Мындан тышкары, эң зыянсыз дары-дармектердин да каршы көрсөтмөлөрү жана терс таасирлери бар экендигин эстен чыгарбоо керек.

Азыр эмдөө бир топ жакшы жүрүүдө. Вакциналарды Кыргызстанда катталган коронавирустун жалпы санынан көп адамдар алышты.

“Бир нече ай ичинде вакцина алган жарандардын саны COVID-19 менен тастыкталган учурлардын жалпы санынан ашып өттү. Бүгүнкү күндө вакцина алгандардын жалпы саны 178 миңден ашты, ал эми COVID-19 инфекциясын жуктургандардын саны бир жылдан бери 143 миңдин тегерегин түздү. Эмдөө боюнча маалымат алуу үчүн Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлиги emed.gov.kg санарип кызматын ишке киргизди”, - деп билдирди Саламаттык сактоо министрлиги.

88 миңден ашуун адам эмдөөнүн толук циклин аяктады. Вакцинанын биринчи дозасын алган адамдар запаста турган экинчи бөлүгүн 3-4 жуманын ичинде алышат деп белгиленет. Калктын 70%ын эмдөөдөн өткөрүү боюнча иштер жүрүүдө.

“Эл аралык тажрыйбанын жана жергиликтүү, чет өлкөлүк адистердин сунуштарына таянып, Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлиги вакцина COVID-19 оорусунун жайылуусуна бөгөт койгон эффективдүү ыкмалардын бири экендигин белгилейт. Буга байланыштуу министрлик бардык жарандарды эмдөөгө чакырат”, - деп кошумчалады ведомстводон.

Мындан тышкары, жакында эле эмдөөнүн электрондук кезегине турууга гана жардам бербестен, бардык керектүү маалыматтарды бере турган https://www.vc.emed.gov.kg/ порталы иштей баштады.

Анда 4 сервис камтылган:

Санарип "COVID-19га каршы эмдөөнүн сертификаты"

Бул кызмат жарандардын COVID-19га каршы вакцина алгандыгы тууралуу сертификатты коопсуз жана алыстан алуу үчүн иштелип чыккан. Бул үчүн сервистин колдонуучулары расмий веб-сайттагы "Сертификат" бөлүмүнө кирип, керектүү маалыматтарды киргизиши керек:

  • кыргыз жарандары үчүн: жеке идентификациялык номер (ПИН), ID-картанын номери менен тиешелүү талааларды толтуруу;
  • чет өлкөлүк жарандар үчүн: тиешелүү талаага паспорттун номери же аты-жөнүн жазуу;
  • сертификаттар pdf форматында жеке QR коду менен көрсөтүлөт.

Интерактивдүү эмдөө пункттарынын картасы жана эмдөө пункттары боюнча маалымат

Интерактивдүү картанын жардамы менен каалаган адам эмдөө пункттарынын жайгашкан жерин, телефон номерлерин көрүп, электрондук кезекке жазыла алат.

Издөөнүн эффективдүүлүгү үчүн интерактивдүү картада атайын белгилер коюлган. Ал керектүү эмдөө пункттарын издөөнү жөнөкөйлөтөт: вакциналар боюнча, аймактар ​​боюнча, эмдөө пункттарынын аттары боюнча.

Вакцинага онлайн режиминде жазылуу

Эмдөөгө катталууга ыңгайлуу шарт түзүү максатында Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлиги жарандарды онлайн режиминде каттоо кызматын баштады. Жарандар талап кылынган талааларды толтуруу менен (толук аты-жөнү, ПИН) ыңгайлуу эмдөө пунктун, убактысын тандап алуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушат.

Эмдөөдөн өткөндөрдүн статистикасы

Расмий сайтта эмдөөнүн максималдуу ачыктыгын камсыз кылуу максатында министрлик COVID-19га каршы эмдөө боюнча статистикалык маалымат тутумун ишке киргизди. Колдонуучулар өлкө аймагындагы эмделгендердин курагы, жынысы жана башка акыркы маалыматтарга ээ болушат.

Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлиги вакцина COVID-19дун жайылуусуна жана анын кесепеттерине каршы күрөшүүнүн эффективдүү ыкмаларынын бири экендигин белгилеп, жарандарды вакцина алууга, беткап кийүүгө жана аралыкты сактоого чакырат.

“Кабар” МАБ

Пикир

Оставить комментарий