• 89.51
  • 97.5
  • 0.97

"Кабар" МАБ: COVID-19дун Кыргызстандын экономикасына терс таасири

Аналитика 0

Коронавирустук инфекцияга байланыштуу бүтүндөй дүйнө жүзү олуттуу көйгөйлөргө дуушар болду. COVID-19 жашообуздун көптөгөн тармактары үчүн чыныгы сыноо болуп калды. Көптөгөн мамлекеттердин экономика, саламаттык сактоо тармагы болуп көрбөгөндөй чакырыктарга дуушар болду жана азырынча коронавирустун жайылышынын таасири канчалык терс боло тургандыгын айтып, тыянак чыгарууга эрте.

"Кабар" МАБдын экономисти Денис Куляш билдиргендей, "алдыда бүткүл дүйнөлүк экономикалык системаны калыбына келтирүүдө узак жол күтүп турат. Алсак, чакан мамлекеттерге макро жана микроэкономикалык көрсөткүчтөрдүн калыбына келтирүү бир аз оңой болот, анткени мындай өлкөлөр тышкы факторлордун таасирин көп көз каранды эмес. Кыргызстан да кандайдын бир деңгээлде нефт жана газ рыногунан көп көз каранды эмес. Бирок ошентсе да чек ара ачылмайынча республика учурдагы көйгөйлөргө туш болот. Андан кийин бир катар коңшу мамлекеттер менен жана ЕАЭБ аркылуу соода мамилелерин калыбына келтирүү этабы башталат".

Теманы улай эле айта кетүүчү жагдай, Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 11-майда, өлкөнүн бизнес-ассоциацияларынын өкүлдөрү менен жолугушуу өткөрдү.

Өлкөдөгү посткризистик мезгилде экономикалык активдүүлүктү калыбына келтирүү маселелери талкууланды.

"Президент Жээнбеков карантинге, өзгөчө абал жана өзгөчө кырдаал режимине байланыштуу киргизилген ар кандай чектөөлөргө карабастан үзгүлтүксүз негизде бизнес өкүлдөрү менен жолугушууларды өткөрүп турду. Азыр экономикалык ишмердүүлүктү жандандыруунун экинчи баскычы ишке киргизилген учурда мамлекет башчысынын активдүүлүгү мындан да өсөт. Адегенде вирустун экономикалык ишмердүүлүктүн баардык түрүнө тийгизген терс таасирин таразалап, анализдеп көрүү керек. Эң оор мезгил пандемиядан кийинки мезгил болот. Бизнес экономикалык ишмердүүлүктү жандандырып, мамлекеттик бюджеттин балансын толтура баштайт. Бул социалдык багыттагы бир топ маселелерди чечүүгө мүмкүндүк берет. Менимче, кийинки кезекте Кыргыз Республикасы тышкы жардамды тартуу мүмкүнчүлүктөрүн пайдаланууга тийиш. Жакында эле Сооронбай Жээнбеков бир топ эл аралык финансы институттары менен сүйлөшүүлөрдү жүргүздү. Мындай оор мезгилде мындан да терең кризисти болтурбоо үчүн баардык мүмкүнчүлүктү пайдалануу керек", - дейт эксперт.

Мамлекет башчысы коронавирус инфекциясынын жайылышы республиканын макроэкономикалык абалына зыянын тийгизип жаткандыгын айтып өткөндүгүн белгилеп кетүү керек.

"Чек араларды жабуу — тышкы соодага абдан терс таасирин тийгизүүдө. Негизги өнөктөш өлкөлөр менен жүк жүгүртүүнүн көлөмү төмөндөп, валюта рынокторунда солгундоолор жана баалардын жогорулашы да байкалып жатты. Мындай кырдаал мамлекет үчүн гана эмес, ишкерлер үчүн дагы абдан оор болууда", — деп белгиледи Сооронбай Жээнбеков.

Президент учурдагы кырдаал ата мекендик экономикадагы топтолуп калган бир катар кемчиликтерди жана көйгөйлөрдү ачыкка чыгарганын баса белгиледи.

"Президент экономиканын ички потенциалын активдүү өнүктүрүү зарыл экендигин белгиледи. Айыл чарба мүмкүнчүлүктөрү начар колдонулууда, туристтик ишмердүүлүктөн өлкө бюджетине дээрлик аз каражат түшүүдө, анан албетте ири завод, ишкана жана фабрикалардын жоктугу өлкөнүн ички экономикалык потенциалын начарлатат", - дейт Куляш.

Мамлекет башчысы мындай көрүнүштөр сабак болуп, мындан кийинки иш-аракеттерге талаптарды кайра карап чыгуу керектигин айтты. Ошол эле учурда өлкөнүн экономикасы ачык жана эркин болгондуктан, экономикалык жоготуулар менен катар артыкчылыктар да бар экендигин кошумчалады.

"Кандай гана глобалдуу же локалдуу экономикалык депрессия болбосун — андан ишкерлердин активдүүлүгү алып чыгат", — деген президент Сооронбай Жээнбеков жана өлкөдөгү экономикалык активдүүлүктү калыбына келтирүүдө чакан жана орто бизнес чөйрөлөрүнүн өзгөчө ролун баса белгиледи.

Жолугушууда экономика министри Санжар Муканбетов катышып, учурдагы өлкөдөгү экономикалык кырдаал жана экономикалык активдүүлүктү калыбына келтирүү боюнча Өкмөт тарабынан көрүлүп жаткан чаралар тууралуу айтып берди.

Ал республиканын учурдагы макроэкономикалык тенденциялары, ошондой эле посткризистик мезгилге карата пландар жана болжолдуу көрсөткүчтөр жөнүндө маалымат берди.

Эл аралык ишкерлер кеңешинин аткаруучу директору Аскар Сыдыков белгилегендей, бизнес учурдагы кырдаалга түшүнүү менен мамиле кылып, келип чыккан көйгөйлөрдү чечүүдө Өкмөткө жардам берүүнү каалайт. Ал бир катар сунуштарды айтып, кризис бизнести оор абалга кептегенин, бирок ошол эле убакта экономиканы реформалоого түртүп жаткандыгын белгиледи.

"Дүйнөлүк экономикалык желеде бизнестин алсыздыгы адаттан тыш чакырык менен аныкталгандыгын белгилей кетүү керек. Көптөгөн дүйнө өлкөлөрү учурда кыйынчылыктарга дуушар болууда жана көптөгөн аналитиктер анын чечүү жолдорун ойлонуп жаткан кези, азырынча аны эч ким чече элек. Эч кандай себеп болгон жок. Дүйнөлүк экономика үчүн кайра уюштуруу мезгили келди, бирок бүтүндөй экономикалык тутумдун эволюциясы жөнүндө сөз болбой эле. Бул жерде бүтүндөй системаны калыбына келтирүү үчүн чечкиндүү чараларга баруу керек. Кыргызстан бир эле учурда бир нече көйгөйлүү маселелерди чече ала турган ири ишканаларды куруу жөнүндө ойлонушу керек", - дейт эксперт.

Жолугушууда ошондой эле Агроөнөржай комплексин өнүктүрүү ассоциациясынын аткаруучу директору Темир Ажыкулов, Жеткирүүчүлөрдүн (өндүрүүчүлөрдүн жана дистрибьюторлордун) ассоциациясынын президенти Гульнара Ускенбаева, Базарлар, соода ишканалары жана кызмат көрсөтүү чөйрөсү ассоциациясынын аткаруучу директору Артур Ташибеков, ЖИА бизнес ассоциациясынын аткаруучу директору Фархад Пакыров, Кыргыз туроператорлор ассоциациясынын төрагасы Мансур Абылаев, «Легпром» ассоциациясынын президенти Сапар Асанов, бизнес-акыйкатчынын орун басары Сергей Пономарев, Мөмө-жемиш ишканалары ассоциациасынын аткаруучу директору Дилбар Алимжанова баяндамалары менен чыгышты.

Алар өз тармактарындагы проблемалар жана жалпы эле түзүлгөн кырдаалда чакан жана орто бизнес өкүлдөрүнүн туш болуп жаткан көйгөйлөрүн айтып беришип, бир катар сунуштарын билдиришти.

Өлкөнүн бизнес-акыйкатчысы Робин Орд-Смит кырдаалды жакшыртуу боюнча натыйжалуу чечимдерди кабыл алуу зарылдыгына токтолуп, учурдагы окуялар жөнүндө калкты кабардар кылуунун жана оорунун экинчи толкунун алдын алуу үчүн жарандардын санитардык жана карантиндик эрежелерди сактоосунун маанисин белгиледи. Ошондой эле ал пандемия сабактарын эске алып, кыска жана узак мөөнөттүү чараларды кабыл алууга жана бизнес үчүн салыктык жеңилдиктерди берүүгө көңүл бурду.

"Бизнес-акыйкатчынын аракеттеринен да көп нерсе көз каранды болот. Ал экономикалык ишмердүүлүгү уруксат берилген ишканалардын өкүлдөрү менен көптөгөн жолугушууларды өткөрүп, сапарларды уюштуруусу керек. Ишкана курулуп, калк арасында ал боюнча тиешелүү түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп жаткан элдер менен жолугушууларды өткөрүү керек", - деп билдирди Куляш.

Айта кетүүчү нерсе, Өкмөттүн астындагы Бизнести жана инвестицияларды өнүктүрүү боюнча кеңештин катчылыгынын жетекчиси Таалайбек Койчуманов Өкмөт менен бизнестин ортосундагы диалогду активдештирүүнү жактады. Ал постпандемиялык пландарга, ишкерликтин атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатуу үчүн мыйзамдык базаны өркүндөтүүгө көңүл бурду.

Ал эми Жогорку технологиялар паркынын директору Алтынбек Исмаилов акыркы эки жылда өлкөнү санариптештирүү боюнча күч-аракеттер коронавирус инфекциясы пандемиясынын кесепеттерин жумшартууга өбөлгө болгонун белгиледи. Санарип технологиялар өлкөдө илдеттин жайылуу шарттарында экономикалык жана билим берүү тармактарындагы көйгөйлөрдү натыйжалуу чечүүгө мүмкүндүк бергенин кошумчалады.

Президент Сооронбай Жээнбеков Өкмөткө кыска жана узак мөөнөттүү антикризистик программаларды иштеп чыгуу процессине бизнес секторун активдүү тартууну сунуш кылды.

Жолугушууга вице-премьер-министр Эркин Асрандиев, экономика министри Санжар Муканбетов, айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министри Эркинбек Чодуев, өнөр жай, Энергетика жана жер казынасын пайдалануу боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы Эмил Осмонбетов, Мамлекеттик салык кызматынын төрагасы Кабыл Абдалиев, Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасы Алтынбек Торутаев, Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматтын төрагасы Бакир Таиров катышты.

Биз көрүп тургандай баардык негиздүү жана компетенттүү адамдар Кыргызстандын экономикасын калыбына келтирүү процессине тартылган. Алдыда ойлонуп жана аны иш жүзүндө ишке ашыра турчу дагы жасалчу көп жумуш турат. Бирок азыркы учурда чоң кризистин алдын алуу үчүн кодон келген баардык аракеттерди жасоо маанилүү.


"Кабар" МАБ

Пикир

Оставить комментарий