• 89.51
  • 97.5
  • 0.97

КМШ мамлекеттеринин тышкы иштер министрлеринин Кеңешинин видеоконференц байланыш форматындагы жыйыны өтөт

Саясат 0

Бишкек, 11.05.20. /Кабар/. КР тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков 2020-жылдын 12-майында КМШга катышуучу-мамлекеттердин тышкы иштер министрлеринин Кеңешинин видеоконференц байланыш форматындагы кезектеги жыйынына катышат. Бул тууралуу КР ТИМ басма сөз кызматы билдирет.

Тышкы саясий ведомстволордун башчылары Шериктештиктин өлкөлөрүнүн тышкы саясий, аскердик жана гуманитардык чөйрөлөрдөгү өз ара аракеттенүүлөрүнүн маселелерин талкуулашат. Тараптар 2021-2030-жылдарга жаштар кызматташтыгы, туризмди жана спортту өнүктүрүү боюнча стратегиялардын долбоорун карап чыгышат. Делегациялардын башчыларынын макулдашуулардын бир канча долбоорлору боюнча, атап айтканда, Шериктештиктин Тармактык университетин уюштуруу жана КМШга катышуучу-мамлекеттердин куралдуу күчтөрүнүн Бирдиктүү байланышын түзүү боюнча тиешелүү чечимдерди кабыл алуусу күтүлүүдө.

Кеңештин жыйынынын катышуучулары ошондой эле бир катар документтердин долбоорлорун жактырышат. Ал долбоорлор 2020-жылдын 29-майында КМШ өлкөлөрүнүн өкмөт башчыларынын Кеңешинин жыйынына киргизилет. Бул жыйынды дагы видеоконференц байланыш форматында өткөрүү пландалууда.

Пикир

Оставить комментарий