• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Жээнбек Кулубаев БУУнун башкы катчысынын жардамчысы Ивана Живковичти кабыл алды

Саясат 0

Бишкек, 04.03.24. /Кабар/. Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Бириккен Улуттар Уюмунун башкы катчысынын жардамчысы, Бириккен Улуттар Уюмунун Өнүктүрүү Программасынын администраторунун жардамчысы, Европа жана КМШ боюнча регионалдык бюронун директору Ивана Живковичти кабыл алды.

ТИМден билдиришкендей, тараптар Кыргызстан менен БУУнун ортосундагы эки тараптуу кызматташуу маселелерин талкуулап, 2023-жылда биргеликте жүргүзүлгөн иштин жыйынтыгын чыгарышты жана 2024-жылга карата кызматташуу пландарын, алдыдагы иш сапарларды, эл аралык жана аймактык иш-чараларды талкуулашты.

Жолугушуунун жүрүшүндө 2023-2027-жылдарга Туруктуу өнүгүү жаатында кызматташуу боюнча БУУ тутумунун алкактык программасын ишке ашыруу маселелери талкууланды. И.Живкович БУУӨПтун туруктуу өнүктүрүү максаттарына жетүү үчүн Кыргызстанда ишке ашырылып жаткан учурдагы долбоорлор боюнча ишти улантууга даяр экендигин белгиледи.

Ошондой эле тараптар Тоолуу аймактарды өнүктүрүү боюнча иш-аракеттердин беш жылдыгын ишке ашыруу боюнча улуттук Жол картасын андан ары, анын ичинде эл аралык өнөктөштөрдүн жана донорлордун инвестицияларын тартуу жолу менен практикалык ишке ашыруунун зарылдыгын талкуулашты.

Ивана Живкович мындай демилгелердин маанилүүлүгүн оң белгилеп, БУУӨПтүн Кыргызстанда жаратылышты коргоо боюнча Трасттык фондун түзүү ниетин билдирди.

Жээнбек Кулубаев кыргыз тараптын кызматташтыкты мындан ары өнүктүрүүгө кызыкдар экенин ырастап, ошондой эле БУУӨПтүн Кыргызстандагы ишмердүүлүгүнө колдоо жана көмөк көрсөтүүгө ишендирди.

Өз кезегинде Ивана Живкович жылуу кабыл алуу үчүн ыраазычылык билдирип, Кыргызстан менен БУУӨПтүн ортосундагы өнөктөштүктү кеңейтүүгө жана бекемдөөгө позитивдүү мамилени белгилеп, бул үчүн бардык зарыл болгон күч-аракетин жумшай тургандыгына ишендирди.

Белгилей кетсек, БУУнун башкы катчысынын жардамчысы, БУУӨПтүн администраторунун жардамчысы, Европа жана КМШ боюнча регионалдык бюронун директору Ивана Живкович Кыргызстанга 2024-жылдын 3-мартынан 7-мартына чейин биринчи жумушчу сапары менен келди. Сапарынын алкагында Живкович Ош жана Баткен облустарына барып, ошондой эле Бишкектеги бир катар иш-чараларга катышат.

Пикир

Оставить комментарий