• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Ташиев менен Ятимов кыргыз-тажик чек арасын делимитациялоо маселесин талкуулашты

Саясат 0

Бишкек, 16.03.24. /Кабар/. Согди облусунун Бустон шаарында Кыргызстан менен Тажикстандын өкмөттүк делегацияларынын теңтөрагалары Камчыбек Ташиев менен Саймумин Ятимовдун кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо маселеси боюнча жолугушуусу өттү. Бул тууралуу КР министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирди.

Жолугушуунун жүрүшүндө Ташиев менен Ятимов кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо маселелерин талкуулашып, Кыргызстан менен Тажикстандын өкмөттүк делегацияларынын кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча жумушту тобуна калган тилкелерде эки мамлекеттин чек ара линиясын мындан ары аныктоо үчүн ишти улантуу боюнча так тапшырмаларды беришти.

Жолугушуу достук жана өз ара түшүнүшүү маанайда өттү.

Пикир

Оставить комментарий