• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Ошто Ак-Буура дарыясынын жээгине мажүрүм талдын көчөттөрү отуругузулду

Аймак 0

Бишкек, 16.03.24. /Кабар/. Бүгүн Ак-Буура дарыясынын жээгине Ош шаарынын символу болгон мажүрүм тал көчөттөрү отургузулду.

Муниципалитеттен билдиришкендей, жалпысынан дарыянын боюна 300гө жакын мажүрүм тал көчөттөрүн эгүү болжолдонгон.

Ошондой эле Ош шаарынын мэриясы "Бир жарандан – бир дарак" аттуу жалпы шаардык акциясын баштады. Калаа тургундарын сүйүктүү шаарыбызды көрктөндүрүүгө жана жашылдандырууга активдүү катышууга чакырабыз.

Белгилей кетсек, 2024-жылы шаар аймагына 300 миңге жакын заманбап бак-дарактардын көчөттөрү отургузулат.

Пикир

Оставить комментарий