• 88.68
  • 95
  • 0.95

Баткенде 25 турак үй сел кооптуулугунан корголууда

Аймак 0


Бишкек, 19.04.23. /Кабар/. Баткенде 25 турак үй сел кооптуулугунан корголууда. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, учурда Ак-Сай айыл өкмөтүнүн Миң-Булак айылында 1 бульдозер тартылып, аталган айылдагы сел өтүүчү сайдын нугу тазаланууда.

"Жумуш бүткөрүлсө, сай жээгине жакын жайгашкан 25 турак үй, 900 метр ички чарбалык жол жана 1600 метр ички чарбалык арык сел коркунучунан коргоого алынат", - деп белгилешти министрликтен.

Пикир

Оставить комментарий