• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Мамкурулуш агенттигинин директору жумушчу сапары менен Ысык-Көлдө жүрөт

Коом 0

Бишкек, 16.03.24. /Кабар/. Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин директору Нурдан Орунтаев жумушчу сапары менен Ысык-Көл облусунда жүрөт. Бул тууралуу агенттиктен билдиришти.

Маалыматка ылайык, жумушчу сапардын жүрүшүндө Орунтаев президенттин Ысык-Көл облусундагы өкүлү Уланбек Далиев менен биргеликте Түп айылын кыдырып, мыйзамсыз курулуштарды жана объектилерди аныкташты.

Аныкталган мыйзам бузуулар, мыйзамдардын сакталышы жана жакшыртуу стандарттары боюнча Мамкурулушка караштуу башкармалыктарга жана жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнө бузууларды жоюу жана көрктөндүрүү боюнча тапшырмалар берилди.

Пикир

Оставить комментарий